Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин “Достык” ордени менен сыйлады. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы “Достык” ордени менен: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев сыйланды. II […]Читать далее
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди. Өлкө башчысынын пикиринде, президенттердин жолугушуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышы каралды. Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу, Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Бүгүн Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти, урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев, расмий сапар менен келип […]Читать далее
Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Транспорт жана комманикациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. Учурда көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталууда. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет. Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу […]Читать далее
1-июлдан бүгүнкү күнгө чейин 3410 айдоочуга унаасын камсыздандырбаганы үчүн айып салынып, тийиштүү протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, бул иштер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан унааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып аткарылып жатат. Полис албагандардын […]Читать далее
Бишкекте жол оңдоо иштерин тездетүү жана 20-октябрга чейин толук бүтүрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдорду кыдырганга билдиргенин муниципалитеттен кабарлашты. Мэриянын маалыматы боюнча, бир катар көчөлөрдөгү оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди: – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилиши; – Дэн Сяопин проспекти менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилиши; – Сельповская көчөсү Дэн Сяопин […]Читать далее
Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуу боюнча комплекстүү планын жактыруу жөнүндө» Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин […]Читать далее
Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында А.Турдакунов атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы мектеп эки кабаттуу, окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залынан турат. Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, эки өлкөнүн Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Жогорку даражалуу конокту жылуу кабыл алуу менен Садыр Жапаров кыргыз жана казак элдери эзелтеден ынтымакта жана достукта жашап, бири-бирин колдоп келгенин белгиледи. Президент өткөн жылы Астана шаарында өткөн Жогорку Мамлекеттер аралык кеңештин алтынчы жыйынынын […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду «Алтын Кыран» ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү. Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн татыктуу болду. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында […]Читать далее