Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Ош облусунда Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине университеттин ректору Ерлан Сыдыков билдирди. Анын айтымында, филиалдын ачылышы көп жылдык иштин натыйжасы. “Ош мамлекеттик университети менен сүйлөшүүлөр 1992-жылдан бери жүргүзүлүп келген. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, бүгүн биздин филиал ачылып жатат. Университетке […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды. Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин түпкү тамыры терең экенин белгиледи. «Биздин мамилелерибиз Токтогул менен Абайдай, Чыңгыз менен […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. «Ынтымак ордо» имаратынын алдына Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү. Өлкө башчылары бири-бири менен саламдашкандан кийин Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр […]Читать далее
Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.Читать далее
Өзгөн районунун Прогресс айылындагы 150 орундуу Т.Орозов атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери “Азия курулуш компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Долбоорго ылайык, мектеп Г формасында болуп, үч блоктон турат. Жалпы аянты 1279 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулушу 100 пайыз бүттү. […]Читать далее
2025-жылдын алгачкы жети айында 2 миллионго жакын Өзбекстандын жараны Кыргызстанга турист катары барган. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады. Бул мезгилде жалпы 4,3 млн өзбекстандыктар чет өлкөгө саякатка чыккан, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 28% түздү. Эң көп сапарлар коңшу өлкөлөргө жасалды: Кыргызстан – 1 918 904, Казакстан – 799 429, Тажикстан – 754 123 […]Читать далее
Финансы министрлиги ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун суммада пайызсыз насыяларды берди. Ведомстводон маалымдашкандай, насыя “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилди. Өлкөдө 2021-жылдын 31-мартында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Күн мурун президенттин өкүлү Айбек Шаменов район аймагында жаңыдан бүткөрүлгөн өндүрүш ишканаларынан кабар алды. Алар; Самаркандек айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехи. Цех суткасына 5 тонна мөмө-жемиштерди кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишканада 30 жумуш орду түзүлөт. Долбоордун жалпы наркы 16 […]Читать далее
19-20-август күндөрү энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусунун күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, министр облустагы 7 райондук электр тармактарындагы пландын аткарылышын жана керектүү жабдуулар менен камсыз болушун көзөмөлдөдү. Министрдин сапарынын алкагында энергетика тармагындагы ири иштер жана элге үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү багытында жасалган аракеттер өзгөчө белгиленди. Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын башкы инженери Кубат Асанакуновдун […]Читать далее
Ош шаарынын башкы планынын негизинде деталдык пландоо долбооруна ылайык, Б.Нурматов көчөсүн Курманжан датка көчөсүнө бириктирүүчү жаңы жол куруу пландалууда. Муниципалитеттен маалымдашкандай, бул – шаардын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу багытындагы маанилүү кадам. Эскиздик долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган. Ага ылайык, жолдун узундугу 180 метр, эки багыттуу, 6 тилкелүү болмокчу. Долбоордо: ирригациялык түйүндөр; […]Читать далее