Министрлер кабинети айыл чарба жаныбарларын – ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды. Маселен, Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык […]Читать далее
Таласта өстүрүлгөн нирвана сортундагы төө буурчак дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнө экспорттолууда. Бул тууралу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл Талас районунда жалпысынан 12 183 гектар жерге төө буурчак айдалып, өткөн жылга салыштырмалуу 319 гектарга көбөйдү. Район аймагында төө буурчактын төрттөн ашык түрү өстүрүлүп, учурда түшүм жыйноо кызуу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы көмүскө экономикага жана жалган ишкердикке каршы күрөшүү үчүн салыктык текшерүүлөр чөйрөсүндө заманбап санариптик чечимдерди колдонууда. Ведомстводон маалымдашкандай, эл аралык тажрыйбанын негизинде пландуу жана камералык текшерүүлөргө жаңы ыкма киргизилди. Бүгүнкү күндө санариптик маалыматтардын аналитикасы активдүү колдонулат. Салыктык отчетту санариптештирүүнү жакшыртуу менен салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү ыкмаларын кескин өзгөртүүгө мүмкүн болду. Ири маалыматтык […]Читать далее
Бүгүн Нарын облусунун фермерлерине жалпы наркы 3 млн 92 миң сомдук сүт жабдыктары тапшырылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Анын ичинде 33 даана сүт саачу аппарат жана 349 даана атайын мал алдына төшөөчү желим килемчелер бар. Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, […]Читать далее
“Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды. “Көргөзмөнүн максаты – улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү”, – […]Читать далее
Жыл башынан бери автоунаасы камсыздандырылган жарандарга 17 млн 335 миң 499 сом төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, эң ири төлөм 300 миң сомду түздү. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине төлөндү (ар бирине 150 000 сомдон). Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишинде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы орто ишкердик субъекттери салык органдарына ай сайын бирдиктүү салык боюнча отчет берүүгө милдеттүү экенин эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, ал отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети же “Salyk.kg” мобилдик тиркемеси аркылуу берилиши керек. Салык отчетун белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салыктык санкциялар каралган. Ар бир кечиктирилген отчет үчүн айып салынат. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Россияга каршы Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди. Мамлекет башчысы батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата мындай каршы кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалады. — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Бул жолу өлкөбүздүн финансы тутумуна байланышкан […]Читать далее
Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусунда жалпы облустук ишембилик өттү. Ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту. Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды. “Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башкармалыкка караган уюмдардын жетекчилери менен коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Анын айтымында, коррупция – мамлекеттин өнүгүшүнө эң чоң тоскоол. Ал экономикага зыян алып келет, элдин бийликке болгон ишенимин азайтат жана ар бир жарандын келечегине түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бул багыттагы күрөш – ар бир жетекчинин жана кызматкердин жеке […]Читать далее