Министрлер кабинети

Министрлер кабинети жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитти

Министрлер кабинети Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын тиркемеге ылайык бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын уставдарын кайра бекитүү иштерин […]Читать далее

Аймак

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды

Бүгүн 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып, старт берди. Иш чарага жеринен УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Мамлекеттик […]Читать далее

Аймак

Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунун 34 чакырымы асфальтталат

Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Ведомстводон маалымдашкандай, жумушчу сапарынын алкагында министр Өзгөн – Мырза-Аке – Кар-Кулжа жолундагы курулуш иштеринен кабар алды. Быйыл аталган жолдун 34 чакырымына капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө пландалууда. Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан министр Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу жана сапатына […]Читать далее

Коом

Өлкө аймагында 2025-жылдын 3 айында 3 миңге жакын жер титирөө

Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 3 айына карата статистикалык маалымат боюнча 2 миңден 3 миңге чейин жер титирөө катталган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун окумуштуу катчысы Жибек Калыкова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жылына өлкөдө 9 миң 500дөн 12 миңге чейин жер титирөө катталып турат. “Бул жылына кайталанып туруучу көрүнүш. Негизги катуу силкинүү […]Читать далее

Коом

Россияда чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды

Россиядагы чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, 28-апрелде Россиянын президентинин жарлыгы чыкты. Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 10-сентябрына чейинки мезгилде Россияда болуу режимин бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясындагы укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев климатты каржылоо жаатындагы Кыргызстандын артыкчылыктарын белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргыз Республикасында климаттык каржылоону чыңдоо” конференциясында чыгып сүйлөп, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө климаттык демилгелердин өзгөчө ролун баса белгиледи. Адылбек Касымалиев белгилегендей, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелери Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ал президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү – бул “тез […]Читать далее

Коом

Жакында Tunduk тиркемеси аркылуу ипотекалык үй алууга кезекке туруу мүмкүнчүлүгү

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга эң кыска мөөнөттө Tunduk тиркемеси аркылуу арыз берүү мүмкүнчүлүгүн ишке киргизүүнү тапшырды. Анын айтымында, кезекке турууда бардык процесстер жарандар үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу керек. МИК менен Президенттин иш башкармалыгынын жыйында учурда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси бул багыттагы керектүү техникалык чечимдерди иштеп чыккандыгы жана кызматты ишке киргизүү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүсүн $5 млрд жеткирүү максатын көздөйт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, соода-экономикалык мамилелерге басым жасалды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын Түркия менен түрдүү тармактарда, анын ичинде айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү жана тоо-кен казып […]Читать далее

Аймак

Жакында Жалал-Абадда 870тен ашык ипотекалык батир тапшырылат

Жакынкы аралыкта Жалал-Абад облусунда 870тен ашык батирди жарандарга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу маалымат “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК) ачык акционердик коомунда Президенттин иш башкармалыгы менен өткөн жумушчу жыйында белгилүү болду. Жыйында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев МИКтин жетекчилигине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, кезекте турган жарандардын көптүгүн эске алуу менен МИКке кезекте тургандар менен түшүндүрүү […]Читать далее

Аймак

Оштогу мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өттү

Ош шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан №18 балдар бакчасы мыйзам талаптарын бузуу менен 1998-жылы жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 120 млн сом болгон бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды.Читать далее