Президент

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул конституциялык Мыйзамдын максаты “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “КР Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана […]Читать далее

Президент

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды. 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 32 адамды түзөт. Тескемеге […]Читать далее

Коом

Каныбек Туманбаев: Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат

Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аппараттык жыйында билдирди. Туманбаевдин айтымында, ведомстволук уюмдардын ишмердүүлүгүн белгиленген мөөнөттө толук санариптештирүү керек. “Биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын так жана өз убагында аткарышыбыз керек. Мамлекеттик башкарууну ачык-айкын жана натыйжалуу кылуунун жолу — бул санариптик реформалар,” — деп белгиледи ал. Ошондой […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар стратегиялык кызматташтыкты, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле ар кыл багыттагы эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты. Мамлекет башчысы боордош Түркия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана […]Читать далее

Коом

Өлкөдө бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок

Өлкөдө бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, 2025-жылга карата эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы бекитилип, анын негизинде Ветеринардык кызмат тарабынан биокаражаттар сатып алынып, алар тиешелүү талаптарды сактоо менен райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктарга өз убагында жеткирилген. 2025-жылдын март айына карата […]Читать далее

Билим

Кыргызстандын мектептеринде математика сабагы көбүрөөк өтүлө баштайт

“Алтын Казык” билим берүү реформасынын алкагында Кыргызстандын мектептеринде математика сабагын окутууга бөлүнгөн сааттардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди. Министрдин айтымында, окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктери боюнча акыркы улуттук изилдөө балдардын 62 пайызы базалык функционалдык математикалык сабаттуулукка ээ эмес экенин көрсөткөн. “Бул дисциплинаны окутуу үчүн дагы бир […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Катардын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Катар Мамлекетинин Улуттук олимпиада комитетинин Президенти шейх Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды. Спорт тармагындагы кыргыз-катар кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде олимпиадалык кыймылды илгерилетүү жана спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды. Садыр Жапаров Катар Мамлекети ири спорттук иш-чараларды өткөрүүдө эбегейсиз тажрыйба топтогонун жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө жана […]Читать далее

Билим

Мугалимдердин айлык акысы окуучулардын жетишкендигине жараша болот

Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы иштелип чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди. “Мугалимдерге окуучулардын жетишкендиктерине жараша эмгек акы төлөөнүн башка модели иштелип чыгат. Биз окуучулардын жетишкендиктерин чейректердин жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бул үчүн бизге окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болот. Ал жерден […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда “Улуу Жеңишке – 80 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 28-апрелинен тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Улуу Жеңишке – 80 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмушка Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар өтчү залды көрсөтүп чыкты. Тагыраагы, кыргыз парламентинин тарыхы жана депутаттардын жасап жаткан иштери тууралуу учкай кеп кылган Нурланбек Тургунбек уулу кесиптешине Жогорку Кеңештин түзүмү боюнча кыскача айтып берди. Ошону менен бирге парламенттик дипломатия бардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө […]Читать далее