Балыкчыда 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК Балыкчы шаарынын аймагында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 га жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылды. Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.Читать далее
Жол эрежелерин кайрадан окуп, кайталаган айдоочулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, өлкө башчыбыздын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча койгон тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан тартып, эреже бузган айдоочуларды жеринен жол эрежесин билээрин сурамжылоо жүргүзүп, жооп бере албай калган айдоочуларды кайрадан сынакка жөнөтүү тапшырмасы коюлган. “Азыркы учурда водомстволор аралык жумушчу […]Читать далее
Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча кезектеги консультациялар өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаранын максаты – эки тараптуу консулдук кызматташууну өркүндөтүү жана жарандардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо. Жолугушууда тараптар консулдук тармактагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, жарандык маселелерди, визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, чек арадан өтүүнүн тартиби, […]Читать далее
Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген маданият үйү жана стадион мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ош облустук прокуратурасы тарабынан жер жана менчик мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жайгашкан маданият үйү 0,99 га жер тилкеси менен жана Фрунзе айылында жайгашкан стадион 1,75 га жер тилкеси менен жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Жыйын тажик тараптын төрагалыгы алдында тар жана кеңейтилген курамда өттү. Жыйындын алкагында “INNOPROM. Борбор Азия” эл аралык көргөзмөсү жана КМШ региондорунун биринчи форуму да өтүүдө. Тар курамдагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү […]Читать далее
Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты. Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин жана достук топторунун ар кандай деңгээлдеги […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында аймактагы ирригациялык долбоорлордун жүрүшү менен жеринде таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, көчмө жыйындын жүрүшүндө облустун аймагында курула турган ирригациялык объекттердин абалын көрдү. Атап айтканда, Сузак, Ноокен районундагы ирригациялык системаларынын жана Чоң-Ноокен каналынын учурдагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын тиркемеге ылайык бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башкы прокурор Асаналиев Максат Кубатовичке “Юстициянын генерал-майору” атайын наамы ыйгарылды. Эскерте кетсек, Максат Асаналиев башкы прокурорлук кызматка 2024-жылдын июнь айында дайындалган.Читать далее
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына жаңы башкы машыктыруучусу дайындалды. Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык аталган кызматка UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда келди. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык “Индепендиенте”, “Паулиста” жана “Интернасьональ” клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, “Таврия” клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин […]Читать далее