Жумгалда мыйзамсыз айлык төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2024-жылы Чаек айыл өкмөтүндө иштебеген жарандарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөндүгү жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине ашыкча айлык эсептелгендиги аныкталган. Натыйжада мамлекетке келтирилген жалпы зыян 845 миң140 сомду түзгөн. Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза […]Читать далее
“Асман” авиакомпаниясы “Компас Тур” туроператору менен биргеликте 23-июндан тарта Алматыдан Тамчыга (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) жаңы түз каттам ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы кабарлады. Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Жаңы маршруттун артыкчылыктары: – Ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы. Учуу убактысы болгону 1 саат 20 мүнөт. – Жумасына эки […]Читать далее
УКМК тарабынан шаар куруу системасындагы коррупцияны жоюу жана мыйзамсыз миграциянын каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жок экени такталган. Аталган факт боюнча КР УКМК Бишкек шаарынын Октябрь […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын, парламенттер аралык мамилелердин негизги багыттарын, ошондой эле эки жактуу соода-экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия менен болгон мамилени жогору баалай турганын жана […]Читать далее
Токмокто жайгашкан “Касиет” камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда жүндү жана терини кайра иштетүүдө орчундуу көйгөйлөр бар. “Бул маселени чечүү […]Читать далее
Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрүн кабыл
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Аймактык коопсуздук, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчы жыйындын катышуучуларына кайрылып, азыркы дүйнө терроризм, экстремизм, кибер коркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын […]Читать далее
Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгил аралыгында беш негизги багытта иш алып барат, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу учурда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жатып. Ал өзүнүн баяндамасында бул жыйын парламенттер аралык кызматташтыкты эле өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөстөн, мамлекеттер ортосундагы алакаларды чыңдоого […]Читать далее
Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан 18-майда Ысык-Көл жана Нарын облустарында катталган катуу шамалдан жабыркаган турак жайларды тактоо иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иликтөөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусу боюнча жалпы облус боюнча 5 көп кабаттуу турак үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркап, 139 бак кулаган. Ал эми […]Читать далее
Кыргызстанда 19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жүрүүсү убактылуу чектелет. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, мындай чара салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатын көздөйт. Мында максималдуу жалпы массасы 18 […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышууда. Алгач жалпы сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң парламент жетекчилери уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы коомдук-саясий жана аскердик кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу, коопсуздукка залакасын […]Читать далее