Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев: Улуттук өнүктүрүү программасы жактырылгандан кийин президенттин кол коюсуна

Ынтымак Ордодо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун кароо, үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштер боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында кеңейтилген кеңешме болуп өттү. Кеңешмеде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөбүздүн өнүгүү жолун аныктап берген, мамлекеттик саясатты негиздөөчү, улуттук деңгээлдеги эң маанилүү стратегиялык документтин мазмуну жана негизги багыттары менен тааныштырды. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Еврокомиссия Кыргызстандын “кара” тизмеден чыгуу боюнча иштерине жогору баа берди

Европа комиссиясы Кыргызстандын Евробиримдиктин учуулардын коопсуздугу боюнча “кара” тизмесинен чыгуу багытында жасалган иштерине жогору баа берди. Бул тууралуу маалыматты минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 4 ай ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмедеги баяндамасында билдирди. Анын айтымында, ушул май айында Брюсселде авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары ийгиликтүү коргоодон өттү. “Жыйынтыктоочу аудитти быйылкы жылдын декабрында өткөрүү боюнча алдын ала […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте 2025-жылы энергодолбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүү жана масштабдуу энергодолбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди. Минкаб төрагасы 2025-жылдын 31-мартында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда CASA-1000 долбоорунун жаңы этабы ишке киргенин айтып өттү. Эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирген […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев: 2025-жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн жогорку темпи сакталууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Минкаб төрагасы позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп, экономиканын өсүшүнүн жогорку темпи сакталып жатканын баса белгиледи. “2025-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 442,4 млрд сомду түздү. Экономиканын реалдуу өсүү темпи 11,7 % түздү. ЕАЭБге мүчө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасы улуттук деңгээлдеги бул стратегиялык документ өлкөбүздүн орто мөөнөттүү өнүгүү жолун тактап, мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналарын айтты. “Программанын негизги миссиясы – биздин жарандарыбызга татыктуу шарттарды түзүп, бакубатчылыгын жогорулатуу. Документте өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырган өзгөчөлүктөрүн, […]Читать далее

Коом

Динара Кемелова Непалда өткөн климаттык маселелер боюнча эл аралык форумга

Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Непалдын Катманду шаарында өткөн “Сагарматха Самбаад” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Динара Кемелова өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, ошондой эле тоо күн тартибин дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды белгиледи. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту. Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды. Мамлекет башчысы Кристоф Кампты жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу миссиясында ага ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстандын министрлер кабинети социалдык нуктагы ички […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Бириккен Улуттар Уюмундагы Чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Мамлекет башчысы Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин өкүлдөрү менен саламдашууда, көп тараптуу кызматташтыктын негизги институту катары БУУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу чакырыкка айланган экологиялык көйгөйдү […]Читать далее

Укук тартиби

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылап, опузалап акча талап кылгандар кармалды

Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобунун курамына кирген, “мыйзамдагы ууру” Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактысына төмөнкү КР жарандарынын катыштыгы бар […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими ЖККУ алкагында колдоо тапты

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмдун Коопсуздук кеңешинин акыркы сессиясында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара маселелери боюнча жетишкен келишимин ЖККУ […]Читать далее