Коом

Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана  Россия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эльдар Сулайманов катышты.Читать далее

Коом

Бишкекте катуу шамалда бактар кулап, имараттар зыянга учурады

17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен шаардын инфраструктурасына зыян келтирилди. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыкта бак-дарактар, имараттардын чатырлары жана токтоп турган унаалар жабыркаган. Жалпысынан шаар боюнча 23 бак кулап, 49 бак жабыркаган. Ошондой эле турак жайлардын жана коммерциялык имараттардын чатырлары жабыркап, кулаган бутактардан жана таштандылардан улам унаалардын сырттары чийилип, айнектери сынган учурлар […]Читать далее

Коом

Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди

Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, 17-майдан 18-майга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен мамлекеттик тууга зыян келтирилген. Ала-Тоо аянтындагы желек 30 мүнөттүн ичинде ыкчам алмаштырылган. Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, түнкүсүн Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон […]Читать далее

Президент

Кыргызстанда 1 232 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланды

Президент Садыр Жапаровдун “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө кол коюлган жарлыгына ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине ылайык токтом кылынат: Алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйлансын: Сыйлык […]Читать далее

Президент

Президент кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу энелер! Ажарлуу эже-карындаштар! Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Ата-бабаларыбыз улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна эбегейсиз таасир тийгизген аялзатына аздек менен мамиле кылышкан. Өмүрдүн башаты, үйдүн куту, жашоонун маңызы Энелер экенин эң жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан кыргыз энелери […]Читать далее

Коом

Бишкек жана Чүйдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору ишке кирди

“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3” долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган долбоордун негизги максаты – жеткиликтүү жеңилдетилген насыялык каражат берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана башка материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жеңилдетилген […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангельдиев британиялык UKEF экспорттук-кредиттик агенттигинин Башкы аткаруучу директору Тим

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында британиялык экспорттук-кредиттик агенттиктин (United Kingdom Export Finance) Башкы аткаруучу директору Тим Рейд менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан үчүн ачылган жеңилдетилген кредиттик линиянын алкагында айыл чарба тармагында жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте көп функционалдуу комплекс курулат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкекте жаңы көп функционалдуу комплексти куруу үчүн мезгил кутусун салуу аземине катышты. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мезгил кутусу салынган жерге үч мунарадан турган заманбап 21 кабаттуу комплекс куруларын, анда коопсуздукту, ыңгайлуу логистиканы жана жагымдуу көрүнүштү камсыз кылган алдыңкы технологиялар колдонуларын баса белгиледи. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 17-майда президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даярдыктарын ырастап, […]Читать далее

Коом

Казанда Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды

Казань шаарында Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Соода үйү 14–17-майда өтүп жаткан Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025″ эл аралык экономикалык форумунун алкагында ачылды. Форумга Экономика министрлигине караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар катышууда. […]Читать далее