Экономика

Кыргызстанда 4 айда 30 млрд сомдук азык-түлүк, суусундук жана тамеки

Кыргызстанда 4 айда 30 млрд сомдук азык-түлүк, суусундук жана тамеки өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республиканын кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчёттук мезгилде 19,6 пайызды түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын […]Читать далее

Коом

«Газпром Кыргызстан» өлкөнүн газ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 33 миллиард сом салды

2014-жылдан бери өлкөнүн газ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө «Газпром Кыргызстан» 33 миллиард сом жумшады. Жаңы райондорду газдаштыруу Башкы схеманын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылат. Бул убакыт аралыгында дээрлик 1,5 миң чакырым газ өткөргүчтөр курулду. Газ менен камсыздоого 54 жаңы конуш жана калктуу конуш кошулду, аларда 300 миңге жакын адам жашайт. Газдаштыруунун деңгээли 11 […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте курулушта мыйзамсыз иштеген 39 кытай жараны кармалды

Бишкекте курулушта мыйзамсыз иштеген 39 Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комтетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кытайдын 39 жаранын Бишкекте курулуп жаткан объектилердин биринде мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагында жүргөндө туристтик визанын негизинде мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөнү такталган. КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чет өлкөлүктөр ички иштер […]Читать далее

Коом

Быйыл 5 615 ипотекалык батирдин курулушунун аякташы күтүлүүдө

2025-жылга карата республика боюнча 5 миң 615 батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде маалымдалды. Анын ичинде Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда эң көп сандагы батирлер берилмекчи. – Бишкек шаарында – 2 913 батир; – Жалал-Абад облусунда – 1 530 батир; – Нарын облусунда – 433 батир; – […]Читать далее

Экономика

Төрт айда өлкөдөн 13 миң тонна сүт азыктары экспорттолду

2025-жылдын январь-апрель айларынын аралыгында Кыргызстандан 13 миң тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миң тоннага көп, же болбосо 44,5% өсүштү түздү. Экспорттолгон негизги сүт азыктары: каймак май – 863,4 тонна; балмуздак – 999,4 тонна; сыр […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басарын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисянды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, ошондой эле экология, транспорт, туризм, миграция жана башка актуалдуу багыттардагы биргелешкен санариптик демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Минкаб төрагасы кыргыз тараптын Евразия өнүктүрүү банкы, Санариптик демилгелер фонду менен кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы: Быйыл негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62%га өстү

2025-жылдын 4 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62%га өсүп, 70,1 млрд сомду түздү, бул акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч. Бул сумманын 35,5 %ы республикалык бюджеттен каржыланган. Мындай маалыматтарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешменин алкагында билдирди. Минкаб төрагасынын айтымында, азыркы учурда 519 социалдык объект […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары менен

“Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары (УАЖК) Кристоф Камп менен жолугушту. Эдил Байсалов Кристоф Кампты жакында бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын УАЖК кеңсеси менен көп жылдык конструктивдүү жана туруктуу кызматташтыгын белгилеп, өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд сом жумшоо пландалууда

Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул “АФОКО” Азия уюму менен эки тараптуу кызматташуунун негизинде мүмкүн болду. Каражат токой чарбасына, анын ичинде кунарсыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат. Жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу боюнча Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу – “АДАПТ” […]Читать далее

Министрлер кабинети

Курулуш министрине быйыл 200 соцобъектини ишке киргизүү тапшырмасы берилди

Өлкөдөгү курулуштун темпи басаңдабашы керек, быйыл да 200дөн кем эмес социалдык объекттин курулушу аяктап, ишке кирсин. Курулуш министрлигине мындай тапшырманы минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө тапшырды. Ошондой эле финансы министрлигине тийиштүү каражатты кечиктирбей бөлүп туруу зарыл экендиги айтылды. Өз учурунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бул тапшырмалар аткарыла тургандыгын […]Читать далее