Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Ташкентте КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Жыйын тажик тараптын төрагалыгы алдында тар жана кеңейтилген курамда өттү. Жыйындын алкагында “INNOPROM. Борбор Азия” эл аралык көргөзмөсү жана КМШ региондорунун биринчи форуму да өтүүдө. Тар курамдагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү […]Читать далее

Саясат

Дохада кыргыз-катар парламенттер аралык кызматташтыгынын абалы талкууланды

Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты. Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин жана достук топторунун ар кандай деңгээлдеги […]Читать далее

Аймак

Бакыт Төрөбаев Жалал-Абадда курула турган ирригациялык объекттер менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында аймактагы ирригациялык долбоорлордун жүрүшү менен жеринде таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, көчмө жыйындын жүрүшүндө облустун аймагында курула турган ирригациялык объекттердин абалын көрдү. Атап айтканда, Сузак, Ноокен районундагы ирригациялык системаларынын жана Чоң-Ноокен каналынын учурдагы […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер Кабинети жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жалпы  билим берүү уюмунун типтүү уставын тиркемеге ылайык бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын […]Читать далее

Коом

Башкы прокурорго юстициянын генерал-майору наамы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башкы прокурор Асаналиев Максат Кубатовичке “Юстициянын генерал-майору” атайын наамы ыйгарылды. Эскерте кетсек, Максат Асаналиев башкы прокурорлук кызматка 2024-жылдын июнь айында дайындалган.Читать далее

Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасын бразилиялык адис машыктырат

Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына жаңы башкы машыктыруучусу дайындалды. Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык аталган кызматка UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда келди. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык “Индепендиенте”, “Паулиста” жана “Интернасьональ” клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, “Таврия” клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин […]Читать далее

Президент

Кылмышка шектелип кармалгандарды абакта кармоо тартиби өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамды жаңы редакцияда кабыл алуунун максаты шектүү же айыпталуучу каза болгондо, же катуу ооруганда милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү маселеси боюнча ченемдерди конкреттештирүү, […]Читать далее

Коом

«Ала-Арча» жаратылыш паркы 30-апрель күнү бардык унаалар үчүн жабылат

30-апрелде «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабылып, санитардык күн жана асфальт төшөө иштери жүрөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, бу күнү келген конокторго да чектөө болот. “Урматтуу жарандар! 2025-жылдын 30-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында санитардык күн өткөрүлөт. Территорияны тазалоо жана жаңыланган көзөмөл-өткөрмө пунктунун (КӨП) аймагына жаңы асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Бул […]Читать далее

Экономика

Тегеранда кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

 Күн мурун Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 14-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйын КР экономика министри Бакыт Сыдыков менен Ирандын айыл чарба министри доктор Голамреза Нуринин төрагалыгы алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө соода, айыл чарба, энергетика, логистика жана транспорт, санариптештирүү, гуманитардык кызматташтык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер кабинети рубль менен операцияларды жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев рубль менен операцияларды жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай өзгөртүү Россиядан Кыргызстанга акча каражаттарын коопсуз которуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында киргизилген. “Акыркы жылдары Кыргызстанда накталай чет өлкө валютасы, анын ичинде россиялык рубль менен банк секторунан тышкаркы алмашуу бюролору аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү кыйла өстү. Бул накталай валютанын […]Читать далее