Президент

Президент Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигин

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелдин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү. Аскер кызматкерлери эстеликтин жабуусун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Коом

Бишкекте ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны башталды

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин – Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Жыйын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саламдашуу жана сүрөткө түшүүсү менен башталып, андан соң алар тар курамдагы сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти. Бул ирет жыйын Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбаевдин төрагалыгы алдында өтүүдө. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар ЖККУнун жамааттык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы Кыргызстандын чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин толук келтиребиз: “Ардактуу мекендештер! Чек ара кызматынын кымбаттуу аскерлери жана кадырлуу ардагерлери!\ Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекеттик чек араны кайтаруу – бул саат сайын жогорку жоопкерчиликти, бекем тартипти жана керек болсо […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Франция инвестициялык кызматташтыкты чыңдоодо

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги MEDEF International уюмунун делегациясы, Франция Элчилигинин өкүлдөрү жана француз ишкер чөйрөсүнүн мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Алар Кыргызстанга инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн келишкен. Жолугушууда кыргыз тарап кызыгуу көрсөтүлгөнүнө ыраазычылык билдирип, экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендигин баса белгиледи. Инвестициялар үчүн артыкчылыктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулду: жаңылануучу энергетика, транспорт жана логистика, санарип экономика, […]Читать далее

Коом

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 китеп жарык көрдү

Кечээ, 27-майда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, аталган 100 китептин катарында 1958–1960–жылдары профессор Б.М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы менен жарык көргөн “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, ошондой эле кыргыз […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 6-июнда Курман айт майрамы белгиленет

Кыргызстанда 6-июнда Курман айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Муфтияттан маалымдашкандай, 5-июнь арапа күнү болот. Курман айт эс алуу күн болуп саналат. Ишемби жана жекшембини кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.Читать далее

Коом

Алагөзов: Түндө жолдон чыккан бугу-маралдар жаратылышты коргоого багытталган иштердин жемиши

Түн жамына жолдо унаа алдынан чыккан бугу-маралдар — бул кокустук эмес. Бул көрүнүш акыркы жылдары жаратылышты коргоого багытталган иштердин жемиши. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, 2023-жылы сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларга аңчылыкка мораторий жарыяланган. “Президенттин демилгеси менен ишке ашып жаткан Улуттук “Жашыл мурас” кампаниясынын алкагында өлкөбүздө жаратылышка болгон камкордук күчөп, экологиялык […]Читать далее

Коом

Алагөзов: Бишкек жана Ошто жаңы аэровокзалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек жана Ош шаарларында жаңы аэровокзалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, “Ош” эл аралык аэропортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт. “Оштогу жаңы аэровокзал комплекси жер төлөсү менен эки кабат болуп курулуп, жалпы аянты 25 443 чарчы метр. Бул Кыргызстандын авиациялык инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү маанилүү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Амангелдиев: Кыргызстан Франция менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин, Франциянын тышкы соода жана чет өлкөлөрдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен-Мартендин, ошондой эле француз бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-диалог болуп өттү. Бизнес-диалогдун ишине медицина, энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорт, инновация, өнөр жай жана айыл чарбасы сыяктуу тармактарда иштеген эл аралык алдыңкы француз компанияларынын өкүлдөрү катышты. Данияр […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев: Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүшкө умтулат жана эл аралык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Франция Республикасынын тышкы соода жана чет өлкөлөрдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен-Мартенди кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода, экономика, инвестиция жана туризм тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана […]Читать далее