Коом

Жамангулов: Бишкек шаары түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору деп аталды

Учурда борбор калаада KIT-2025 форуму өтүүдө. Анда Бишкек шаары – түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору деп аталды. Бул тууралуу санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Форумдун быйыл Түрк мамлекеттер уюмунун демилгеси менен өтүп жаткандыгын белгилеген министр “Биз боордош мамлекеттердин өкүлдөрүн, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары Мирвохид Азимовду тосуп алганыбызга […]Читать далее

Укук тартиби

Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды

Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 1960-жылы туулган И.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелүүдө. Иликтөөнүн жүрүшүндө өкмөттүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев проспектиси (мурда Кыргызстан көчөсү) дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилгени аныкталган. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик […]Читать далее

Коом

142 мектепте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат

Кыргызстанда 142 мектепте 2025-2026-окуу жылына карата 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эртең 30-майда саат 09:00дөн тарта ата-энелер балдарын мектептерге каттай алат. “Бул кошумча орундар мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу максатында берилет”, – деп белгилешти министрликтен. Кошумча квоталар кайсы мектептерде берилерин төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.Читать далее

Экономика

Кыргызстандан Пермге алгачкы жолу кулпунай менен кокон гилас экспорттолду

2025-жылдын башынан бери Россиянын Пермь шаарына Кыргызстандан 10 тоннадан ашык кулпунай жана 0,5 тонна кокон гилас жеткирилген. Россельхознадзордун маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан Пермге аталган жемиштерди экспорттоо болгон эмес. Жеткирилген мөмө-жемиштер тийешелүү карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өткөн. «ВНИИКР» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин Пермь филиалында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мөмө-жемиштерден карантиндик зыянкечтер табылган эмес жана […]Читать далее

Президент

“Кыргызстандагы бейтарап соттор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты арбитраждык териштирүүнүн натыйжалуулугун жана калыстыгын жогорулатууга, ошондой эле тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Алсак, мыйзам “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесине эгерде бейтарап соттун чечими […]Читать далее

Аймак

Өзгөндө күрүчтү кайра иштетүүчү логистикалык борбор курулат

Өзгөн районунда күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу, логистикалык борбор курулат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн күрүчүн экспортко чыгаруу үчүн «СASA 1000» долбоорунун алкагында 6 млн 800 миң сом акча каражаты бөлүнүп, акыркы үлгүдөгү экспортко чыгууга керектүү заманбап жабдууларды алынган. Мындан сырткары, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан аткарылып жаткан Өзгөн […]Читать далее

Коом

Өлкөгө алынып келинген дарбыз, коондун сапатын көзөмөлдөө күчөтүлдү

Импорттолгон бакча өсүмдүктөрүнүн сапатын көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо, ошондой эле нитраттардын жана пестициддердин калдыктарын текшерүү боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Кыргызстандын аймагына кирген ар бир партия лабораториялар […]Читать далее

Коом

«Кыргызстан аэропорттору» былтыр каттамдарды тейлөө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандын авиациясынын тарыхында биринчи жолу 46 миңден ашык рейс тейленди. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынын коммерциялык иштер боюнча директору Аман Мамаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ички жана эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү компаниянын артыкчылыктуу милдети болуп калууда. “2024-жылдын негизги жетишкендиктери катары Түштүк-Чыгыш Азиянын Пхукет, Нячанг, Фукуок, Гоа сыяктуу өлкөлөргө аба каттамдарынын ачылышы болду. Жыл […]Читать далее

Коом

«Кыргыз темир жолу» ишканасы дагы эки жаңы ВИП вагонду сунуштайт

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы Бишкек – Балыкчы – Бишкек багыты боюнча дагы эки жаңы ВИП вагонун пайдаланууга бергенин маалымдайт. Бүгүн, 28-майда «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын комиссиясы жаңы ВИП вагондорду сыноодон өткөрүп, анын жыйынтыгында бардык тутумдардын, анын ичинде генераторлордун жана электр жабдууларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн белгиледи. Бул вагондор мурунку моделдердин концепциясын улантып, заманбап […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров БУУга караштуу Чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу бир катар Чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Мамлекет башчысы Ангола, Белиз, Конго, Гана, Кения, Мальта, Маврикий, Мозамбик, Науру, Папуа – Жаңы Гвинея, Сент – Люсия, Руанда, Сенегалдын өкүлдөрү менен учурашып жатып, БУУнун ролун эл аралык кызматташтыктын негизги механизми жана глобалдык чакырыктарга жамааттык жооп […]Читать далее