Коом

ИИМ: Кыргызстанда акыркы коңгуроо одоно мыйзам бузууларсыз өттү

26-майда республиканын бардык билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул өзгөчө күнү бүтүрүүчүлөр мектеп, мугалимдер жана балалык менен коштошуп, жаңы чоң турмушка кадам ташташты. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, массалык иш-чаралар одоно мыйзам бузууларсыз, тынч өттү. Мектептердин аймагында жана массалык чогулуштар өткөрүлүүчү жайларда коомдук тартипти сактоого 6 миң милиция кызматкери тартылган. Айрым […]Читать далее

Коом

Фостердик үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө – 243 бала убактылуу үй тапты

2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 113 багып алуучу үй-бүлө иштейт. Алардын колунда турмуштук оор кырдаалга кабылып, ата-энесинин камкордугусуз калган 243 бала бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, блдар асырап алуу же камкордукка алуу мүмкүн болбогон учурларда фостердик үй-бүлөлөргө берилет. Багуу убактысы кыска мөөнөттүү (бир нече сааттан бир айга чейин) же алты […]Читать далее

Экономика

Венгриялык ишкерлер Кыргызстан менен ГЭС куруу боюнча кызматташууга даяр

Венгриялык ишкерлер Кыргызстан менен ГЭС куруу боюнча кызматташууга даяр. Бул тууралуу суу технологиялары боюнча венгер-кыргыз форумунда AHEAD компаниясынын өкүлү Сёллан Андраш билдирди. Анын айтымында, алардын компаниясы инфраструктура жана суу курулмаларын курууга адистешкен. “Венгрия тегиз түздүктө жайгашкан өлкө болгондуктан, биз суу ресурстарыбызды натыйжалуу башкарышыбыз керек. Көпүрөлөрдү куруп, инфраструктураны жана суу жеткирүү менен байланышкан бардык нерселерди жаңыртабыз. […]Читать далее

Тышкы саясат

Бакыт Төрөбаев Парижде WOAH уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлери менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (мындан ары – WOAH) ассамблеясынын башкы сессиясынын алкагында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү-министрлер менен болгон жабык жолугушууга катышты. Ведомстводон билдиришкендей, бул жолугушуу WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран тарабынан демилгеленген министрлердин деңгээлиндеги […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандын алтын өндүргөн ишканалары бюджетке 158 млрд сом төктү

2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын бюджетине 160 кен казуучу компаниядан 147,5 миллиард сомго жакын салык которулган. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи кварталында бюджетке кошумча 10,8 миллиард сом түшкөн. Жалпысынан алтын өндүрүүчү компаниялар 158 миллиард сомдон ашык төлөшкөн. Жылдар боюнча карай турган болсок, 2020-жылы алтын өндүрүүчү компаниялар 16,9 миллиард сом төлөшсө, 2021-жылы 21,6 миллиард сом төлөп, […]Читать далее

Экономика

Улуттук банк эсептик ченин 9% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9,00% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул чечим 27-майдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, бул кадам инфляциянын туруктуу деңгээлде сакталып, өлкөнүн экономикалык активдүүлүгү жогорулап жаткандыгына байланыштуу жасалды. 2025-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын өсүшү 11,7%ды түзгөн. Ал негизинен кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев Айдаркен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту. Алгач Камчыбек Ташиев Сурьма комбинатынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен таанышып, жетекчиликке жумушту активдүү түрдө алып барууну эскертти. Ташиев комбинат стратегиялык мааниге ээ экендигин белгилеп, жергиликтүү бийлик органдары анын ишин жакшыртууга жардам бериши […]Читать далее

Коом

Бишкекте 86 бала мектепке мыйзамсыз катталганы аныкталды

Агартуу министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1-2-класстарды мектепке каттоо системасына биргелешкен мониторинг жүргүзгөн учурда бир нече мыйзамсыз каттоолор аныкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Мониторинг жүргүзүү учурунда Бишкектеги №29 мектепте 86 бала мыйзамсыз катталганы маалым болгон. Жасалма документтердин негизинде бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалган. Мыйзамсыз […]Читать далее

Коом

Мас абалында унаа башкарган мектеп бүтүрүүчүсү кармалды

Мас абалында унаа башкарган мектеп бүтүрүүчүсү кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, атайын рейд учурунда Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан “Toyota Vitz” үлгүсүндөгү унаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочу айдоого укугу жок, айдоочулук күбөлүк албай туруп, ата-энесинин уруксаты жок мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган. “Бул факты боюнча унаасы айып короо […]Читать далее

Коом

Башкы прокуратура тарабынан 86,3 млн сомдук саламаттыкты сактоо объектиси мамлекеттик

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, оорукана имараты жана ага жанаша жайгашкан жер тилкеси социалдык инфратүзүм объекттерин менчиктештирүүгө тыюу салган түз мыйзамдык чектөөгө карабастан, мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталган. Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде базар баасы 86,3 млн сомду түзгөн аталган объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик мүлктү коргоо багытында […]Читать далее