Министрлер кабинети

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө

Президенттин Кыргызстадын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салууга багытталган жарлыгын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети тиешелүү Убактылуу жобону бекитти. Документ белгиленген миграциялык эрежелерди бузуу менен өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун ыктыярдуу мыйзамдаштыруунун так тартибин белгилейт. Документтин жоболоруна ылайык, өз статусун жөнгө салуу максатында ыйгарым […]Читать далее

Экономика

ЕӨБ: Кыргызстан ички инвестициялардын көлөмү боюнча Борбор Азиянын лидери

Евразия өнүктүрүү банкынын “Өз ара инвестицияларды мониторинги – 2024” аналитикалык баяндамасында Кыргызстан ички региондук түз инвестициялардын көлөмү боюнча Борбор Азиянын лидери болуп калды. Банктын маалыматы боюнча чөлкөм ичиндеги түз инвестициялардын 49 пайызы Кыргызстандын үлүшүнө туура келет. 2024-жылдын ортосуна карата Борбор Азия өлкөлөрүнөн республиканын экономикасына топтолгон инвестициянын көлөмү 406 млн долларга жеткен. Маалыматта айтылгандай, бул 2023-жылдын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан аймактык коопсуздукту жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын баса белгиледи. Ал мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкка чоң маани берилерин жана өзүнүн приоритеттеринин алкагында […]Читать далее

Саясат

Душанбеде кыргыз-тажик эки тараптуу консулдук консультациялары өттү

Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча эки тараптуу консультациялар болуп өттү. КР ТИМнен билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми тажик делегациясын ТИМдин Башкы консулдук башкармалыгынын жетекчиси Баходур Сафарзода жетектешти. Тараптар бекитилген күн тартибине ылайык, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашып, консулдук […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан еврооблигациялар рыногуна ийгиликтүү чыгып, 700 млн доллар каражат тартты

Кыргызстан эл аралык финансы рынокторуна суверендүү еврооблигацияларын дебюттук жайгаштырууну ийгиликтүү ишке ашырып, 700 млн доллар өлчөмүндө каражат тартты. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды. Мында айтылгандай, облигациялардын купондук ставкасы 7,75 пайызды, ал эми мөөнөтү 5 жылды түзөт. “Инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2,1 млрд АКШ долларынан ашып, бул көрсөткүч келишимдин финалдык көлөмүнөн 3 эсеге […]Читать далее

Коом

Токмоктогу заводдун дөңгөлөктөрү Кумтөрдө сыноодон өтүүдө

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунда калыбына келтирилген ири көлөмдүү дөңгөлөктөр Кумтөр кенинде сыноодон өтүүдө. Мекемеден билдиришкендей, сыноо иштери кен жайдын карьеринде 21-майда күндүзгү саат 14:45те башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда.  Сыноо үчүн R 3700 өлчөмүндөгү, жумушчу басымы 117ден 124 Psiге чейинки калыбына келтирилген 4 дөңгөлөк тандалып алынган. Алар […]Читать далее

Президент

Чек араны коргоодо курман болгон аскерлердин ата-энелерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Президент – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ата-энелерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясында: өлкөнүн мамлекеттик чек арасы — ыйык, бузулгус жана кол тийгис, мамлекеттүүлүктүн ажырагыс белгиси, эгемендүүлүк менен улуттук коопсуздуктун символу деп так белгиленгенин баса […]Читать далее

Коом

Бишкекте жер астындагы Old Bishkek комплексинин курулушуна старт берилди

Бүгүн Бишкекте жер астындагы “Old Bishkek” көп функционалдуу комплексинин курулушунун мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын директору Назгүл Түлеева жана шаар тургундары катышты. Белгилей кетсек, долбоордун наркы 2 млрд сомду түзөт. Курулуш иштери тендерди утуп алган “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компанияларынын жеке инвестициялары аркылуу ишке ашырылууда. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандан жыгач экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коддору) ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет. Токтомдун толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.Читать далее

Коом

Базарларда сатылган дарбыздардагы нитрат деңгээли нормадан ашкан эмес

Кыргызстандын базарларындагы сатылып жаткан дарбыздардын курамындагы нитраттардын деңгээли нормалдуу. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын ветеринардык-санитардык экспертиза боюнча лабораторияларынын адистери билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, дарбыздын курамындагы нитраттын деңгээли 60 мг/кг болсо, бул коопсуз жана адам ден соолугуна зыян келтирбейт. Учурда өлкө аймагында сатылып жаткан дарбыздар Өзбекстандан импорттолууда жана алар күн сайын атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат. Адистердин айтымында, […]Читать далее