Көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы фактылары боюнча рейддер улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Борбор калаада юридикалык жана жеке жактар жерди пайдалануу, тазалык тартиптерин, жашыл зоналарды коргоонун тартибин жана тышкы көрктөндүрүү жаатындагы нормаларды жана талаптарды бузууда. Муниципалдык инспекция 15-майдан 20-майга чейинки аралыкта 422 чарба субъектини текшерип, тазалык […]Читать далее
Мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө I жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишмердүүлүгү талкууланды. Жыйындын соңунда Министрлер Кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, анын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28.03.2023-ж. №131-т Тескемесин аткаруу максатында, курулуп жаткан имараттарды жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү: – Орто-Сай айылындагы контур 5 дарегиндеги “Авангард сити” көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, “Авангард Стиль” […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан маалымдашты. Жыйынга мэрдин орун басарлары, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин административдик-чарбалык иштер боюнча проректору Бакытбек Айтахунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча проректору Жыргалбек Сыдыков, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик […]Читать далее
Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы №23 кесиптик лицейдин абалы менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Алсак, аталган билим берүү жайы 1957-жылы түзүлүп, учурда жыгач уста, унаа оңдогуч, ширетүүчү, ашпозчу өңдүү адистиктер боюнча 290 окуучу билим алат. […]Читать далее
Талас облусунун Талас районуна караштуу Калба айыл өкмөтүнүн Бал-Бал айылындагы 192 окуу орундуу мектептин курулушу толук бүткөрүү алдында. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1361,0 м2 түзөт. Мектеп спорт залы, ашкана жана акт залы менен жабдылган. Мектепте окуу процесси үчүн бардык зарыл шарттар бар. Азыркы учурда аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин кɵлɵмү 90% түзөт. Бүгүнкү күндө сырткы көрктөндүрү […]Читать далее
№291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Ноокат районунун 104 жаранына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы жана 2023-жылдын биринчи кварталында 3 миң 352 жаранга 43,2 млн сомду социалдык же мүлктүк эсептен чыгарып алуу түрүндө кайтарып берди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Бул сумманын 37,3 млн сому 2022-жылы, 5,9 млн сому ушул жылдын 1-кварталында кайтарылган. Анын ичинде 2706 адам 35,3 млн сом суммасында мүлктүк эсептен чыгарып […]Читать далее
КР Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок а/а мурдагы […]Читать далее
25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетсек, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү […]Читать далее