Талас районун Бал-Бал айлындагы жаңы мектептин курулушу 90% аяктады

Талас облусунун Талас районуна караштуу Калба айыл өкмөтүнүн Бал-Бал айылындагы 192 окуу орундуу мектептин курулушу толук бүткөрүү алдында.
Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1361,0 м2 түзөт. Мектеп спорт залы, ашкана жана акт залы менен жабдылган. Мектепте окуу процесси үчүн бардык зарыл шарттар бар. Азыркы учурда аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин кɵлɵмү 90% түзөт. Бүгүнкү күндө сырткы көрктөндүрү жана жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Связанный пост