Жер мунапысы: Ноокат районунда 104 жаран кызыл китеп алды

 Жер мунапысы: Ноокат районунда 104 жаран кызыл китеп алды
№291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Ноокат районунун 104 жаранына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды.
Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.
Ош облусунда №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому жигердүү ишке ашырылууда. Тиешелүү кызматтар ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу жана облустун жарандарына турак-жай кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштырган кызыл китеп берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат.

Связанный пост