Саясат

Сеулда Кыргызстандын делегациясы менен KOICA биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Бүгүн, 13-июлда Сеул шаарында Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сонг Хюксанг менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен KOICA ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды. Атап айтканда, Алмаз Исанов экономиканын приоритеттүү секторлорундагы санариптик трансформациялоо долбоорлорун илгерилетүү жагынан […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Корея суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кызматташуу маселелерин

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы «K Water» корпорациясынын (Корея Республикасы) жетекчилиги менен жолугушту. Тараптар суу ресурстарын башкаруу, сууну пайдаланууга жаңы технологияларды киргизүү, ирригация, суу сактагычтарды, кичи ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Көрсөтүлгөн технологиялар калкты ичүүчү суу менен камсыз […]Читать далее

Саясат

Текебаев ГФРдин Эл аралык байланыштар департаментинин директору менен жолукту

2022-жылы 11-июлда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, иш-сапарларды уюштуруу, азыркы таптагы эл-аралык кырдаал жана Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду. Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгын ар тараптуу багыттарда бекемдөөгө […]Читать далее

Коом

Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу аземи өтөт

Бүгүн, 13-июлда,Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир башталышы болжол менен 18:00.Читать далее

Коом

Кадамжайда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 12-июлда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. 13-июль күнү улантылат.Читать далее

Саясат

Министрлер кабинети жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтөт

Жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти чыңдоо максатында министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечими кабыл алынды. Бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди. Анын айтымында, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында расмий түрдө 32 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 639 […]Читать далее

Саясат

Мектеп жетекчилери эми конкурстук негизде тандалат. Президент жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим […]Читать далее

Коом

Улан Ниязбеков Ала-Бука РИИБдин жаңыланган имараты менен таанышты

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлмөлөрү жана сырты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ремонт иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 30дан ашуун жерге видеокамералар орнотулуп, РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлгө алып турат. Мындан сырткары бирдиктүү терезе тутумунун алкагында жарандарга сапаттуу […]Читать далее

Саясат

Сентябрдан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100%

Президент Садыр Жапаров «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук […]Читать далее

Саясат

Президент санариптик жашыл транзиттик коридорлорду түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын […]Читать далее