Кадамжайда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

 Кадамжайда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-июлда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. 13-июль күнү улантылат.

Связанный пост