Текебаев ГФРдин Эл аралык байланыштар департаментинин директору менен жолукту

 Текебаев ГФРдин Эл аралык байланыштар департаментинин директору менен жолукту

2022-жылы 11-июлда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, иш-сапарларды уюштуруу, азыркы таптагы эл-аралык кырдаал жана Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгын ар тараптуу багыттарда бекемдөөгө жана эң жогорку деңгээлдеги иш-сапарларды уюштурууга кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи. Элчи Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясынын демилгечиси катары Кыргызстанда жогору баалангандыгын белгиледи.

В.Сильберманн белгилегендей, Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер Борбордук Азия