Сеулда Кыргызстандын делегациясы менен KOICA биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

 Сеулда Кыргызстандын делегациясы менен KOICA биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Бүгүн, 13-июлда Сеул шаарында Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сонг Хюксанг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен KOICA ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Атап айтканда, Алмаз Исанов экономиканын приоритеттүү секторлорундагы санариптик трансформациялоо долбоорлорун илгерилетүү жагынан Кыргызстанга KOICAнын жардамын кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи (санариптик банкинг, айыл чарба, жашыл жана креативдүү экономика, энергетика, анын ичинде микроэнергетика ж.б.) .

Кыргыз тарап ошондой эле Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү Улуттук программасынын алкагында Кыргызстанда санариптик көндүмдөрдү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Алмаз Исанов жогоруда аталган багыттар боюнча кыргызстандык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Түштүк Кореянын Өкмөтүнө жана KOICAга өлкөдө түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде KOICA президенти Кыргыз Республикасы менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады.

Ал Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да кеңейерине ишенимин билдирди.

Биргелешкен долбоорлорго келсек, Сон Хюксанг Кыргызстанда өлкө үчүн актуалдуу болгон аймактардагы артыкчылыктуу долбоорлорду алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга көмөктөшүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түрдүү демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар KOICA аркылуу долбоорлорду илгерилетүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Экономикалык изилдөөлөр институту менен KOICA ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашты.

Связанный пост