Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу “Мурас” достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады. Мелдештин жыйынтыгында “Президенттин командасы” “Аймактар”, “Фемида” командаларын утуп, “Элчилер” командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Турнир эртең, 14-декабрда уланат. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров президенттик […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн салттуу “Мурас” футболдук турнирине катышып жатат. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мамлекет башчысы оюндардын ортосундагы тыныгууларда иш кагаздары менен иштеп жатат. Ошону менен бирге мамлекеттик органдардын жетекчилерин кабыл алууда.Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча “Мурас” мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады. Ачылыш аземи Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өттү. Мелдешке 16 команда катышууда. Оюндар эки аянтта: Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо […]Читать далее
Базарбаев Таалай Чолпонбекович дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ошентип, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча […]Читать далее
Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай баштаган делегация менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар автомобиль жана темир жол куруу жаатында кызматташууну талкуулашты жана өз ара пайдалуу демилгелерге даяр экендиктерин билдиришти. Кыргыз тарап Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жана Барскоон – Бедел – Үч-Турпан жолунун курулушу сыяктуу […]Читать далее
2025-жылдын 10 айында Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго жетип, өсүү темпи 102 пайызды түздү, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнор жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунда пахта станциясынын жаңыдан оңдолгон имаратынын ачылышында. Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле министр кайра иштетүү тармагында 133,6 […]Читать далее
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Германиянын Кыргызстанндагы элчиси Моника Ленхард менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.Читать далее
Касымалиев Москвада илим, технологиялар жаатындагы эл аралык конференцияга катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты. Алгач минкаб башчысы ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу мамлекеттин өкмөт башчылары менен биргеликте Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) аймагында жайгашкан атом өнөр жайынын өнүгүшүнө арналган эң ири билим берүү комплекси саналган […]Читать далее
Кыргызстанга Россиядан 1 147 тоннага жакын гуманитардык азык-түлүк жардамы жеткирилди. Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу акысыз негизде берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө таратылат. Байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы долбоорлорго катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. Алар азык-түлүк менен камсыз болуу менен […]Читать далее