Аймак

Баткен облусуна 5 айда 217,5 сом бөлүндү

Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 217,5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган. Анын ичинен: 1. Теңдөөчү трансферт-136,8 млн сом; 2. Ыйгарым укуктарды берүүгө- 13,0 млн сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 27,8 млн сом; 4. Башкы план – 39,9 млн сом. (калктуу пункттардын башкы пландарын […]Читать далее

Укук тартиби

УКМКнын жетекчилигинин атын жамынган жалганчы адам кармалды

Кыргыз Республикасынын жарандары – Д.С., К.Ж. жана РФ жараны – Д.Б. акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен КР УКМКна кайрылышкан. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-издөө иш-чаралары […]Читать далее

Президент

Кыргызстанда жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.   Жарлыктын милдеттери педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин жана мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.   Билим […]Читать далее

Маданият

Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү өттү

Бүгүн, 14-июнда, Абдылас Малдыбаев Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн концерттик программасы болду. Ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана коомчулуктун кеңири бөлүгү катышты. Алтынбек Максутов салтанаттуу кечени ачып […]Читать далее

Экономика

Быйылкы жылдын 5 айында санариптештирүүгө 146,8 млн сом бөлүндү

2023-жылы Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагында санариптик экономикага 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бир катар чечимдерине ылайык 500,0 млн сомдон 146,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү. Маалымат катары, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349,3 млн сомду түзгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелегендигин […]Читать далее

Президент

Президент КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.   “Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда.   Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев: Сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу каралууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү.   Жыйынга катышкан Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы сүт өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрү сүт өндүрүмүн жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле сүт […]Читать далее

Маданият

Кыргызстандын жана Беларуссиянын маданият мекемелери кызматташат

Мындай макулдашуу бүгүн, 14-июнь күнү Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач менен жолугушууда белгилүү болду.   Кызматташуу тууралуу жолугушууга Бишкек шаарында жайгашкан театр оюн-зоок мекемелеринин, искусство жана маданият тармагындагы окуу жайлардын жетекчилери катышты. […]Читать далее

Аймак

Тоңдо 94 үй-бүлөгө кызыл китеп тапшырылды

Бүгүн, 14-июнда Көл-Төр айыл өкмөтүндө жеке менчик укугуна ээ боло албай жүргөн Тоң районунун Көл -Төр айыл аймагынын тургундарынын жер участогунун жеке менчик укугу жөнүндөгү Мамлекеттик Актылары (кызыл китеп) тапшырылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов ,Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Болот Мамбетов, Көл-Төр айыл аймагынын башчысы, […]Читать далее

Коом

Балыкчыда 6 миң даана бак-дарак көчөттөрү отургузулду

“Жашыл Мурас” Жарлыгынын алкагында Балыкчыдагы Сары-Булак аймагына 1,8 га гектар жерге 6 миң даана бак-дарак көчөттөрү отургузулду. Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, айыл чарба министри, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Балыкчы шаардык мекеме жетекчилери, Балыкчы шаарындагы орто мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер, коомдук уюмдар катышты.Читать далее