Кыргызстандын жана Беларуссиянын маданият мекемелери кызматташат

 Кыргызстандын жана Беларуссиянын маданият мекемелери кызматташат

Мындай макулдашуу бүгүн, 14-июнь күнү Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач менен жолугушууда белгилүү болду.

 

Кызматташуу тууралуу жолугушууга Бишкек шаарында жайгашкан театр оюн-зоок мекемелеринин, искусство жана маданият тармагындагы окуу жайлардын жетекчилери катышты.

 

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагында анын ичинде театр ишмердүүлүгү, китепкана жана музейи иштери жана окуу жайлар, кино боюнча байланыш түзүү жана аны өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу пикирлер талкууланды.

 

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө чыгармачылык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу турлары, чыгармачылык жолугушуулар, маданият, искусство, чыгармачыл тармактар жана адабият ишмерлери менен түрдүү деңгээлдеги фестивалдарга, тегерек столдорго, конференцияларга жана мастер-класстарга катышууда кызматташууга даяр экенин белгилеп, тиешелүү деңгээлде иш алып барууга даяр экенин билдирди.

 

Ал эми Сергей Саракач искусство жана маданият жаатындагы окуу жайлар ортосунда студенттер жана окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуу жана профессордук-окутуучулук курамды кайра даярдоо, илимий конференцияларга, конгресстерге, семинарларга ж.б. катышуу максатында кызматташуу жөнүндө келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

 

Ошондой эле кыргыз тарап кызыктар болгон “Арфа” жана “Гобой” классы боюнча кадрларды окутууда Беларусь мамлекеттик музыка академиясы мындай адистерди даярдоого мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып барууну сунуштады.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Беларусь тарап Кыргыз Республикасындагы өтүп жаткан маданият күндөрү мындан аркы маданий байланыштарды, маданий баалуулуктарды жана эки элдин ортосундагы достук мамилелерди арттырат деген ишенимин билдирип, жылуу тосуп жаткан Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине ыраазычылык билдиришти.

Связанный пост