Тоңдо 94 үй-бүлөгө кызыл китеп тапшырылды

 Тоңдо 94 үй-бүлөгө кызыл китеп тапшырылды
Бүгүн, 14-июнда Көл-Төр айыл өкмөтүндө жеке менчик укугуна ээ боло албай жүргөн Тоң районунун Көл -Төр айыл аймагынын тургундарынын жер участогунун жеке менчик укугу жөнүндөгү Мамлекеттик Актылары (кызыл китеп) тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов ,Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Болот Мамбетов, Көл-Төр айыл аймагынын башчысы, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде Тоң райондук мамлекеттик администрация тарабынан тескеме кабыл алынып, райондук жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп, иштер жүрүүдө.
Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндө жобонун 2 бөлүгүнүн 7 пунктунун 2 пунктчасына ылайык (2009-жылга чейин кабыл алынган чечимдери бар) турак жайлар курулбаган Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак, Көл-Төр, Коңур-Өлөң айылдарынын жалпы 15,22 га сугат айдоо жер аянтына, 94 жер участок, Төрт-Күл айыл аймагынын Темир-Канат айылында 8,70 га, 50 жер участок, Болот Мамбетов айыл аймагынын Ак-Сай, Жер-Υй, Көк-Сай жана Эшперов айылдарындагы жалпы 51,90 га, 448 участоктору боюнча райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана райондук “Кадастр” филиалы тарабынан тийиштүү иш кагаздары даярдалууда.
Ошондой эле Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу, Бар-Булак, Кара-Коо, Дөң-Талаа айылдарынын жалпы 196,0 га жер аянттарына, Улахол айыл аймагынын Шор-Булак, Кара-Шаар, Оттук айылдарында жалпы 28,54 га жер аянттарына, жер мунапысына ылайык райондук комиссиянын тапшырмаларынын негизинде айыл өкмөттөр тарабынан иш кагаздарын топтоо иштери жүрүүдө.
Негизи жер мунапысы боюнча баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын 31.07.2009-жылдагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” мыйзамына чейин айыл өкмөттөр, айыл кеңештер тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде, жер мунапысынын жобосуна ылайык келген район боюнча 300,36 га жер аянттары аныкталган.
Жеке жарандар тарабынан дагы жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө райондук комиссияга 40 арыз кабыл алынып, тийиштүү мекемелерден корутундуларды алуу иштери жүрүүдө.

Связанный пост