Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү өттү

Бүгүн, 14-июнда, Абдылас Малдыбаев Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн концерттик программасы болду.

Ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана коомчулуктун кеңири бөлүгү катышты.

Алтынбек Максутов салтанаттуу кечени ачып жатып, бардык убакта маданият жана искусство коомдун руханий негизи экенин, ал ар дайым элдерди жакындатып, адамзаттын руханий баалуулуктарынын булагы болуп келгенин белгилеп, “Биз Беларусь Республикасы менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалайбыз. Биздин маданий байланыштарыбыз терең тарыхый тамырларга, жалпы баалуулуктарга ээ экендиги шексиз жана келечекте биздин маданий кызматташуубуз кеңейип, элдердин достугунун чыңдалышына жана гүлдөп-өнүгүшүнө гана өбөлгө түзөөрүнө ишенем”-деди.

Ал эми Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач алгачкы жолу Кыргызстанда өтүп жаткан маданият күндөрү көптөн күткөн маданий майрам экенин айтып, беларусь эли мыкты маданий программа алып келгенин кошумчалады.

Ошондой эле ал, өз сөзүндө мындай чыгармачылык сапарлар аркылуу эки элдин ынтымагы бекемделерин белгилеп, Кыргызстан элинин меймандостугу жана чыгармачылыкка болгон мамилеси жогору экенин баса белгилеп, маданият күндөрүн жогорку денгээлде өткөрүүгө көмөктөшкөн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирди.

Расмий бөлүктөн соң, Беларусь өлкөсүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Атайын даярдалган концерттик программадагы беларусь элинин мыкты ыр- бийлери көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Связанный пост