Чолпон-Атада Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери театрлаштырылган оюн көрүштү

 Чолпон-Атада Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери театрлаштырылган оюн көрүштү

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев бейформал сый тамактын соңунда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында театрлаштырылган оюн көрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Nomad” этно-комплексинин амфитеатрында сыйлуу конокторго “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Мындан мурда президенттер кеме менен Ысык-Көлдө сейилдешкен, андан соң Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев этномаданий туризм менен таанышып чыккан.

Белгилей кетсек, Мирзиеев менен Токаев бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

БА лидерлеринин саммитине ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышат.

Связанный пост