БА лидерлеринин саммити. Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди

 БА лидерлеринин саммити. Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Связанный пост