Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуп жаткан участогунда, тактап айтканда Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылган. Бул табылган коргондор маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан археологиянын эстеликтер жана тарыхый-маданий мурас объекттери катары аныкталган. Аталган объектилерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өзүнө алып, […]Читать далее
Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 859 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 835, Алматы шаарында – 363, Шымкент шаарында – 17, Акмоло облусунда – 66, Актөбе облусунда – 11, Алматы облусунда – 45, Жетысу облусунда – 60, Атырау облусунда – 64, Чыгыш-Казакстан облусунда – […]Читать далее
Чүй районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн, 26-июлда издөө иштери улантылат. Эскерте кетсек, 21-июлда Чүй районунда Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган […]Читать далее
Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1 өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн, бастырманын 70 чарчы метр чатыры жана […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өлкө аймагында 26-28-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталарын эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…+41, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө +37…+42, тоо этектеринде +34…+39, Суусамыр өрөөнүндө +27…+32, Ысык-Көл ойдуңунда +29…+34, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында +31…+36, тоолуу райондордо +24…+29, бийик тоолордо […]Читать далее
Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) жана колледждерге каттоонун биринчи туру жыйынтыкталды, – деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. 2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар: 2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар: бюджетке – 3131 абитуриент, келишимдик негизде – 17685 абитуриент. Алардын ичинен тандалган колледжге окуй […]Читать далее
Нарын шаарындагы 2 миң 400 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаардагы 2,4 миң чарчы метр жер тилкеси 2000-жылы мыйзамсыз түрдө Ж.Б. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган. Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эдил Байсалов өз сөзүндө улуттар аралык ынтымакты чыңдоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караларын баса белгиледи. Жаңы конституциялык түзүмдүн алкагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, […]Читать далее
Кыргызстандан Өзбекстанга 9,2 млн сомдук дары-дармектерди алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер участкасында Өзбекстанга бара жаткан М.М. аттуу кыргыз жаранын башкаруусундагы «ВАЗ210740» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы 9 млн 290 миң 700 сомду түзгөн «Инфера» дарылары табылган. М.М. Кыргызстандан Өзбекстанга бажы […]Читать далее
Бүгүн, 2022-жылдын 25-июлунда Жогорку соттун басма сөз борборунда Жогорку соттун судьялары Күмүшбек Жоомартов менен Инара Гилязетдинова К. аттуу аялды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө беришти. Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2020-жылдын 22-июлундагы өкүмү менен Т. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү менен (2017-жылдын 2-февралындагы Мыйзамдын редакциясына ылайык) үч жылдык мөөнөткө түзөтүү […]Читать далее