Өлкөдө сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

 Өлкөдө сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

 Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1 өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн, бастырманын 70 чарчы метр чатыры жана короодо турган “Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ынтымак айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу бастырманын 312 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт жанаша жайгашкан 2 турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу бастырмаларына өтүп, натыйжада жалпы 400 чарчы метр чатырлары, 1700 түк чөп, 4 куб карагай жыгач, 10 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Токмок шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Связанный пост