Чүйдө каналга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

 Чүйдө каналга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Чүй районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду.

Бүгүн, 26-июлда издөө иштери улантылат.

Эскерте кетсек, 21-июлда Чүй районунда Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган А.Ч. аттуу бала түшүп кеткен.

Связанный пост