Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

 Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов өз сөзүндө улуттар аралык ынтымакты чыңдоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караларын баса белгиледи. Жаңы конституциялык түзүмдүн алкагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана элдин биримдигин мындан ары чыңдоо максатында 2021-2026 жылдарга «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктүн концепциясы кабыл алынгандыгын белгиледи. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында улуттук азчылыктардын шайлоо процессине жана саясий турмушка инклюзивдүү катышуусун камсыздоо боюнча мыйзамдык чаралар жыйындысы ишке ашырылган.

Эдил Байсалов этностор аралык ынтымакты бузуу аракеттерине жол бербөө боюнча мамлекеттик саясатка өзгөчө басым жасап, ар кандай чагымчыл билдирүүлөр жана аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келерин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жогорку Комиссар кеңсесине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов өз кезегинде Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттик түзүлүш жаатындагы жүргүзүлүп жаткан саясатка жогорку баа берип, этностор аралык ынтымакты чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын тастыктады.

Связанный пост