Эл аралык мамилелер

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү.   Дипломатиялык миссиянын ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.   Буга чейин Мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси кылып дайындаган.   Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу Улан-Батордогу “Чыңгызхан”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн, 10-июлда, 2022-жылдын октябрында ачылган Улан-Батор шаарындагы “Чыңгызхан” музейине барды. Мамлекет башчысына музейдин жаралуу тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, хандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгызхандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти. Музейдин өзү – эл аралык музей стандарттарына жооп берген, заманбап технологиялар […]Читать далее

Коом

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлүүдө

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов башында турган жумушчу топ, архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы биргеликте «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Кулатов көчөсүндө курулуп жаткан имараттын тиешелүү уруксат кагаздары жоктугуна байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой тургандыгы боюнча эскертүү беришти. Учурда ОсОО «Пик Групп» курулуш компаниясына таандык имараттын курулушу боюнча тиешелүү соттук териштирүү иштери […]Читать далее

Билим

Ысык-Көл облусунда жогорку балл алган мыкты бүтүрүүчүлөр менен кесипкөй мугалимдер

10-июль күнү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов билим берүү тармагынын жыл жыйынтыгы менен кесипкөй мугалимдер менен бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, баалуу белектерин тапшырды. Иш чарага, билим берүү тармагына олуттуу салым кошуп, үзүрлүү эмгектенген мыкты мугалимдер “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын жыйынтыгында мыкты […]Читать далее

Спорт

Жеңил атлетика боюнча курама команда Азия чемпионатына катышат

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бангкок шаарында (Таиланд) өтө турган Азия чемпионаны катышат. Мелдеш 12-16-июль күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: – Нурсултан Кеңешбеков ЭДСЧ; – Мусулман Джоломанов ЭДСЧ; – Тимур Исаков СЧ; – Сабина Батаджиева СЧТ. Курама команда улук машыктыруучу Татьяна Ефименко жана машыкытруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.Читать далее

Коом

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Соцфонд маалымдады. Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 75 адамды түзөт, алардан 68 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 7 адам чечимди күтүүдө. Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3676 АКШ долларын түздү.Читать далее

Маданият

XIII Эл аралык этно-карнавалынын “Элдик ансамбль” жана “Элдик бий” номинацияларында

7-июлдан 12-июлга чейин “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалына Белоруссия, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышууда. Этно-карнавалдын алкагында чыгармачылык сынактар өткөрүлүп, “Элдик ансамбль: соло” номинациясында  байгелүү орундар ыйгарылды: III орун – Артыкбаева Адеми, Касымбекова Акбермет, Касымов Мирсаит, Нарынбекова Бегайым; II орун – Маткалыкова Айбийке, Рыскулова Бермет; I орун – Тошпулатова Мадина, Айтбаева Алина, Кумарбекова Тунук; […]Читать далее

Укук тартиби

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери дээрлик 60 тонна контрабандалык помидорлорду кармашты

Түндүк-Чыгыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузууну аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн алкагында (жаңы помидорлорду жалпы салмагы 40 000 кг.) товарды бара турган бажы органына жеткирбөө фактысы аныкталган. Жүк Түркмөнстан Республикасынан «С.у.К.» ЖИнин дарегине жөнөтүлгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 632 732 сомду түзгөн. […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарынын тургундарынын, акимчиликтердин жана МАБ арасында конкурс жарыяланды

Бишкек шаарында «Эң жакшы короо», «Эң жакшы квартал» жана «Администрациалык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы», «Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы» жөнүндө конкурстар жарыяланды. «Эң жакшы короо», «Эң жакшы квартал», «Бишкек шаарынын мэриясынын жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы» конкурстары эки этап менен өтөт: – биринчи этап администрациалык райондор боюнча Бишкек […]Читать далее