Экономика

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 6,49 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаары менен Чүй облусун газдаштыруу иштерин колдоо максатында «Жеңилдетилген каржылоо–3» долбоорунун алкагында республика боюнча жалпы суммасы 6,49 миллион сомду түзгөн жеңилдетилген кредиттер каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Аталган долбоор министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-токтому менен бекитилген. Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Жалпы каржылоо көлөмү 200 миллион […]Читать далее

Маданият

Кыргызстандыктар октябрь ичи мамлекеттик музейлерге акысыз кире алышат

2025-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейин Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде «Ачык эшиктер айы» аталышындагы акысыз акция өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бир ай ичинде өлкө жашоочулары жана меймандары туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөрдү акысыз көрө алышат, ошондой эле атайын экскурсияларга, тарыхый-маданий маршруттарга, лекцияларга жана мастер-класстарга катыша алышат. «Ачык эшиктер айынын» […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу […]Читать далее

Укук тартиби

Таласта стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас облусунда стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Манас районунун прокуратурасы тарабынан текшерүу жүргүзүлүп, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймактан стратегиялык мааниге ээ болгон Тараз – Талас – Суусамыр автожолунун боюндагы 1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн […]Читать далее

Укук тартиби

“Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда фитосанитардык талаптарды бузган 44 тонна жүк кармалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылча тиешелүү фитосанитардык сертификатсыз экени аныкталды. Евразия […]Читать далее

Коом

Энергетикалык объектилерде иштердин 90%дан ашыгы аткарылды

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди жаңылоо жана даярдоодо иштери 90% дан ашык аткарылды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлүп жаткан реформага жана алдыдагы 2025-2026- жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу жүргүзүү талабына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында жана 8 айдын ичинде комплексдүү капиталдык […]Читать далее

Борбор Азия

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун талкуулашты

25–26-сентябрда Брюссель шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча үчүнчү жолу жолугушту. Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыйында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасиринин социалдык баалоосу, аткаруу жолдору жана эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле октябрь–ноябрь айларында өтө турган кийинки жолугушууга даярдык көрүү маселеси каралды. Долбоордун […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев Минскте Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси  Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. Аземден кийин Министрлер кабинетинин башчысы Минск шаарынын Октябрь районунун педагогикалык эмгек ардагерлер кеңешинин төрайымы Любовь Хвойницкая менен баарлашты. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого олуттуу салым кошуп келет. Жумаш Асаналиевдин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси  Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду. Министрлер Кабинетинин башчысын Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев, ошондой эле Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. Алар Түбөлүк отко гүл коюшту. Жеңиш монументи […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска келди

Министрлер кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларусь Республикасына келди. «Минск» улуттук аэропортунда министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевди Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды. Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилди. Расмий сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко, Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн […]Читать далее