Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы “А” классындагы тез жардам унааларын сатып алат. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендердин пландалган суммасы – 14 млн 693 миң 635,5 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 27-декабрга чейин тапшыруу зарыл. 3 тез жардам унаасы сатып алынмакчы.Читать далее
Бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашуу. 2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2024-жылы төрагалык кылуу жөнүндө 3. […]Читать далее
Президент: Кыргызстан өзүнүн төрагалыгынын алкагында Уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга салым
“Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасы Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Шериктештиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгон”, – деп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан КМШ МБК жыйынынын кеңейтилген форматында сүйлөп […]Читать далее
ОшМУнун базасында өтүп жаткан Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун III форуму пленардык отурумдар менен башталды. Мында “Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар”, “ЕАЭБдын экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо” , “Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары” темаларынын баяндамалар окулуп, талкуулар орун алды. Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү. Анын ичинен 10 университет: Б.Н. Ельцин […]Читать далее
2024-жылдын 1-январынан тарта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарына төрагалык кылуу Россия Федерациясына өтөт. Бул тууралуу жыйындын кеңейтилген курамында КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди. “КМШга төрагалык кылуу маселеси каралды. Делегациялардын башчылары 2024-жылы Шериктештикке төрагалык кылууну Россия Федерациясына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Ал эми Кыргызстан жана Тажикстан теңтөрагалык кылат”, – деди ал.Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин лидерлери – Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти […]Читать далее
Бүгүн, 13-октябрда Коргоо министрлигинин Балыкчыдагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусунун салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Ведомстводон билдиришкендей, салтанатта сөз сүйлөгөн коргоо министри Бактыбек Бекболотов машыгуунун бардык катышуучуларына жогорку аскердик чеберчилиги жана кесипкөйлүгү, тырышчаактыгы жана толук берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Жыл сайын өтүүчү машыгууларда ЖККУнун тынчтык орнотуучу […]Читать далее
Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 29,2 млн сом суммасында 19 долбоор каржыланды. Алар: – 4 мектепке – 4,5 млн сом; – 11 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 22,2 млн сом; – 2 маданий маанидеги объектиге – 1,4 млн сом; – 2 бала бакчага – 1,1 млн сом жумшалды.Читать далее
Республика боюнча 65 миңге жакын жерди органикалык өндүрүш ээлейт. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Республикада органикалык продуктыларды өндүрүү үч категорияга бөлүнөт: 1) Республика боюнча 6 кооператив эл аралык стандарттарга ылайык, органикалык продукцияны өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү болуп саналат. Алар пахтаны, дары чөптөрдү, өрүктү, жапайы каперсти, кара өрүктү жана башка чет өлкөлөргө экспорттогон өсүмдүктөрдү […]Читать далее
Бүгүн 13-октябрда КР Баткен облусунун түзүлгөн күнүнө арналган иш чара “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрында өттү. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облус калкын куттуктап, “байманалуу Баткенибиздин баркын убакыт өткөн сайын сезип, туюп турабыз. Кыргызстандын тынчтыгы, өнүгүүсү үчүн, аймактын коопсуздугу канчалыкмаанилүү экенин болуп өткөн окуялар далилдеди. Өлкөнүн эң алыскы, стратегиялык маанилүү […]Читать далее