Укук тартиби

Бир жумада өлкө ичинде 320 мас айдоочу кармалды

27-октябрдан  2-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 22 804 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 844; мас абалында унаа башкаруу – 320; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 165; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 043; […]Читать далее

Коом

Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаарында бүгүн, 3-ноябрдан тарта жылытуу мезгили башталат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары “Бишкек жылуулук тармагы”  муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт. Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштөөдө, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр. “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканалары бардык даярдык иштерин аяктап, шаардын […]Читать далее

Шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды: – Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын; – Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин; – Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын; – Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, – Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын; – Мальдивдин […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу округдан 45 талапкер катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 45 талапкерди каттоо тууралуу чечим кабыл алды. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ сунушталган документтер талапкерлерге коюлган мыйзамдын талаптарына шайкеш экенин аныктаган. Ушуга байланыштуу комиссия көрсөтүлгөн адамдарды каттоону жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүүнү чечти. Катталган […]Читать далее

Коом

Кант кызылчасын өткөрүү үчүн онлайн кезекке туруу тиркемеси киргизилди

Быйыл кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында электрондук кезекке туруу тиркемеси киргизилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда ар бир фермер өз алдынча ага ыңгайлуу күнгө онлайн кезекке туруп, сырьесун тоскоолдуксуз өткөрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул шарттар дыйкан-фермерлер үчүн ыңгайлуу болуп, жүктү ташууда […]Читать далее

Коом

Президент Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Каракол мамлекеттик жаратылыш паркында” болуп, ишмердүүлүк жана инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер менен таанышты. Сапардын алкагында жаратылыш паркынын кире бериш бөлүгүндө жаңы экопост орнотулуп, анын иштөө тартиби менен тааныштырдым. Экопосттун негизги максаты экологиялык коопсуздукту камсыздоо, таштанды таштоонун жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу болуп саналат. Экопосттон […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Элден жашыра турчу эч нерсебиз жок

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде жаңы ачылган “Берекет банк” тууралуу комментарий берип, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, бул – жеке бизнес долбоор болуп, өлкөгө ири көлөмдөгү инвестициялар тартылары күтүлүүдө. — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өткөн жума күнү маалымат сайттарында жаңы ачылган […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Урматтуу маданият кызматкерлери, өнөр ээлери жана чыгармачыл жамааттар! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн — элибиздин руханий дөөлөтүн сактап, өнүктүрүп, улуттук мурасты келечек муунга жеткирүүдө эмгектенген ар бир маданият кызматкеринин мээнетин, талантын баалоо күнү. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Караколдогу №11 балдар бакчасынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты. Имарат 1972-жылы муниципиалдык балдар бакчасы катары курулуп, 1991-жылы банк болуп кайра түзүлгөн. 2025-жылы президенттин Иш башкармалыгы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мекеме заманбап шарттарга ылайык толук жаңыланды.Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Кытайдын агроөнөр жай жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолукту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн […]Читать далее