Коом

Чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата рейд башталат

Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата ири масштабдагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди. Анын айтымында, буга чейин өткөрүлгөн рейддердин жүрүшүндө 1000ден ашуун чет өлкөлүк номерлүү унаа аныкталган. Белгилей кетсек, өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн мындай унаалар кыргыз […]Читать далее

Экономика

Бириккен товар өндүрүүчүлөргө 89,2 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

2025-жылдын 16-октябрына карата долбоордун алкагында өлкө боюнча 13 субъектке жалпы көлөмү 89 миллион 20 миң сом болгон жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК тартылган. Алар аркылуу берилүүчү насыянын жалпы көлөмү 2 миллиард 200 миллион сомду түзөт. Белгилей кетсек, майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем […]Читать далее

Аймак

Ош шаарына бүгүн түнү жылуулук берилет

Ош шаарына 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түндөн тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чечим кабыл алынып, тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди. Жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов: Биз Палестина элине жардам берүүгө милдеттүүбүз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын Доха шаарында өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. «Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап […]Читать далее

Президент

Кыргызстандын президенти тарыхта алгачкы жолу Мисирге расмий сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасынын (Мисир Араб Республикасы) президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Египетке расмий сапары менен барат. Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. “Сапардын жүрүшүндө […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги жарандарга 63 млн сом кенемте жана 9,6 млн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга 63 млн сом кенемте жана 9,6 млн сом айлык акысын өндүрүп берди. Министрликке караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматынын отчетуна ылайык, 2025-жылдын III кварталында өндүрүштөгү бузуулар жана кырсыктардын саны өскөн. Контролдук ишмердүүлүк Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына ылайык жүргүзүлүп, министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген жобого ылайык […]Читать далее

Коом

Касымалиев бажы жана салык кызматтарынын ишин баалады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын ишин жогору баалап, алардын планды ашыгы менен аткарып жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, минкаб төрагасы бул жетишкендик үчүн кызматкерлерге өзүнүн жеке ыраазычылыгын билдирди. “Учурда Бажы кызматында чоң реформалар жүрүп жатат. Анын негизги багыты — санариптештирүү […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери Кыргызстанда 10 машина-трактордук станция түзүлдү

Жыл башынан бери Кыргызстанда 10 машина-трактордук станция түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 мамлекеттик, 2 муниципалдык жана 7 жеке менчик МТС болуп саналат. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырганда 16 пайызга өстү. Натыйжада 65 жаңы жумуш орду түзүлдү. Мындан тышкары, Ак-Суу районунун Кыдыр Аке […]Читать далее

Кырсык

Бишкекте жеке менчик мектепте 84 адам тамакка ууланды

Бишкек шаарындагы “Сейтек СТЕМ” жеке менчик мектебинде 31-октябрда окуучулар менен мугалимдер тамактан жапырт уулануу фактысы катталды. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жалпы 84 адам жабыркады, алардын төртөө педагогдор. Жабыркагандардын 79у Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышкан, ал жерде лабораториялык изилдөөлөр үчүн ашказанды жууган суу жана заң анализдери алынган. 5 адам жеке медициналык борборлорго кайрылышкан. […]Читать далее

Президент

“КР азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзамга кол койду. Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, алар: – “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамда айрым терминдерди жана түшүнүктөрдү өзгөртүү жана аныктоо; – ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги тамак-аш […]Читать далее