Президент

Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерин узартууну караган мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 54 миңге жакын жаранга пенсия чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 53432 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы сентябрь айында 3864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров жана ШКУ башкы катчысы Чжан Мин

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушту.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.   Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна катышуусуна өзгөчө маани берерин белгиледи.   «Биз ШКУ ишмердүүлүгүнүн бардык […]Читать далее

Коом

23.10.23 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада жүздөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 23.10.23 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 115 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.   Бишкек шаарында жалпы 50 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 39 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 22 салтанат өттү.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.Читать далее

Аймак

Кызыл-Кыя шаарына 125 жыл: Бүгүн шаарда бала бакча, веложол жана

Иш чара илимий конференция менен башталып ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов,шаар мэри Асилбек Жоробаевдер баш болгон жетекчилер, облустун активи жана Кызыл-Кыя шаарын буга чейин жетектеген жетекчилер, тарыхчылар катышты. Конференцияда шаардын түзүлүү,түптөлүү тарыхы тууралуу докладдар окулуп,шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар инсандарга сыйлыктар тапшырылды. Мааракенин урматына шаарда […]Читать далее

Коом

Ош шаарында И. Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын

Ош шаарында И. Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов аталган билим берүү мекемесинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, келечекте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мындай долбоорлор башкаларга үлгү катары болушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, долбоорго ылайык сапаттуу аткарылышын […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Монголия инвестиция жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын соода жана инвестициялар боюнча агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду. Меморандумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушуусунун жүрүшүндө кол коюлду. Белгилей кетсек, бул Монгол тарап менен инвестиция чөйрөсүндө байланыш түзүүдөгү […]Читать далее

Билим

Окуучулардын күзгү каникулу 7 күнгө созулат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 2023-жылдын 6-ноябрынан башталарын маалымдайт. Тагыраагы, күзгү каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө” № 4882/1 буйругу […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды. Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода-экономикалык тармактагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, Монголияга болгон сапарын жана өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон […]Читать далее

Билим

Кыргызстан менен Монголия ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документке КР Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева жана Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг кол коюшту.Читать далее