Саясат

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Михаил Мишустин үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери балык өндүрүү 23 миң тоннадан ашты

2023-жылдын 9 ай ичинде балык өндүрүү 23164,7 тоннаны түздү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинен маалымдашты. – Чүй облусунда бардыгы 13646,4 тонна товардык балык өндүрүлдү, анын ичинен  кубулжума жилингир – 11695,9 тонна,   бакма каңылтыр – 339,3 тонна,   Башка түрлөрү – 1611,2 тонна; -Ы сык-Көл облусунда бардыгы 3308,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -2962,9 тонна, бакма […]Читать далее

Саясат

Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Германиянын ири компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, адистештирилген жабдуулардын кеңири спектрин өндүрүү тармагындагы ири германиялык компаниялардын жетекчилерин кабыл алды. Атап айтканда, «Arinstein Maschinen und Anlagenbau» – станокторду жана системаларды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча компания, «Arpack Polska» – пластик таңгактоочу продукцияны, «WWW Wasserkraft» – турбиналарды, гидравликалык системаларды жана гидроэлектростанцияларды чыгарат. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстан […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы жабык жайлардагы абал менен таанышты

Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматына караштуу бир катар түзөтүү мекемелерин кыдырды. Жусупбек Коргонбай уулу баштаган убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү алгач өлкөдөгү эң чоң абак жайларынын бири саналган Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемесинде болду. Аталган жайда азыркы тапта 730 адам […]Читать далее

Коом

Экономика министрлиги: Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары рыногу учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлүп жаткандыгы айтылат. Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат, ошондуктан баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баалардан көз каранды, Кыргыз Республикасына […]Читать далее

Экономика

Былтыр Кыргызстан менен Индиянын айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 40

2022-жылы айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 40 миллион долларды түзүп, анын ичинен экспорт 2 млн АКШ долларын түздү), импорт 38 млн АКШ долларын түзгөн. Экспорт: • майлуу жана башка үрөндөр, жемиштер жана дан эгиндери; техникалык максаттар үчүн дары өсүмдүктөр жана өсүмдүктөр; саман жана тоют – 1009,6 миң АКШ доллар; • жашылчалар жана кээ бир жегич […]Читать далее

Саясат

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду. Макулдашууларга кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын кеңейтилген курамдашы жолугушууларынан кийин орун алды. Атап айтканда, төмөнкдөгү документтерге […]Читать далее

Саясат

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болду. Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын […]Читать далее

Президент

Президент Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цянды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн өлкөгө биринчи расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цянды кабыл алды.   Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.   Кыргыз жергесинде мейманды […]Читать далее