Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Связанный пост