ГКНБ: 1 млн сом пара алып жаткан жеринен мамлекеттик ишкананын директору кармалды

КР УКМК жер казынасын пайдалануу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратабыз деп коркутуп, инвесторлордон акча талап кылып, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын талап кылуу менен, мамлекеттик ишканалардын биринин башкы директору 2,5 млн сом өлчөмүндө пара менен кармалды.

Аталган башкы директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2,5 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле кылмыш иши боюнча экинчи соттолуучу «Б.А.Н.» пара менен кармалды.

Алынган далилдердин негизинде кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ага байланыштуу мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөргө тиешелүү айып тагылып, тергөө мезгилиндеги соттук бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын аракетине юридикалык баа берилет.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост