Бишкекте жер амнистиясы боюнча жарандардан 6,5 миң арыз түштү

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны өттү.

Жыйынга коллегия мүчөлөрү жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жыйынында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинин жыйынтыктары жана 2023/2024 күз-кыш мезгилине даярдык каралды.

Жеке турак жай куруу департаментинин директорунун айтымында, Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы жерлерге мунапыс берүү боюнча райондордо комиссиялар түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жер амнистиясы боюнча жарандардан 6514 арыз түшкөн. Комиссиянын 56 отуруму өткөрүлүп, 10 783 техникалык паспорттор берилген.

Экинчи маселе боюнча турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору доклад жасады. Анын айтымында, 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилинде  3297 аз камсыз болгон үй-бүлө катуу отундун ордуна акчалай компенсация алышкан. Калкка көмүр сатуу үчүн 8 отун базасы жана 27 стационардык станция ачылган. Алдыдагы жылытуу мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн отун базаларына 136,1 миң тонна көмүр жеткирүү, 4025 аз камсыз болгон үй-бүлөгө акчалай компенсация берүү пландаштырылууда.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге төмөнкүлөр тапшырылды:

– алдыдагы жылытуу мезгилине турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсү боюнча иш-чаралардын кыска мөөнөттүү планын даярдоо;

– газ менен жылытууга өтүү боюнча калкка түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү;

– үч айлык мөөнөттө жерге мунапыс берүү боюнча иштерди бүтүрүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү үчүн корутунду отчет даярдоо;

– үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 6 конушту  жана 4 анклавды газдаштырууну аяктоо;

– эки жумалык мөөнөттө электр энергияны төлөө жана таштанды чыгаруу боюнча бирдиктүү квитанцияны иштеп чыгуу.

Связанный пост