Коом

Финансы министрлиги: 2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом каралууда

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. 2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом каралып, өз убагында төлөнүүдө. “Учурда биз төлөмдөрдүн эң жогорку стадиясындабыз жана бул этаптан ишенимдүү өтүү үчүн бюджет саясатын профицитти түзүү менен болжолдоп жатабыз, бул бизге карызды кошумча […]Читать далее

Коом

2024-жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүү пландалууда

2024-жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат. “Бугүнкү күндө энергетика тармагынын бюджетке карызы дээрлик 146 млрд сомду түзөт”, – […]Читать далее

Коом

Бакетаев: 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болот

2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. “Келерки жылы бюджет профицит менен аткарылат. Бюджеттин алгачкы долбоорунда 19,6 млрд сомго жакын профицит каралган. Андан соң, парламенттеги талкууда министрликтердин кошумча чыгымдары боюнча айтылып, муну эске алуу менен профицит көрсөткүчү 10,9 млрд сомго өзгөрдү”, […]Читать далее

Коом

Ошто базарлардын соодагерлерине ижара акысы 50% чейин арзандады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык мыйзамдарын реформалоо боюнча иш-чараларынын алкагында, ошондой эле ишкерлерди колдоо максатында УКМК тарабынан Ош шаарындагы жана Ош облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ири базарлардын ээлери бул демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: “Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өтүп, бюджетке 537 млн

“Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында 2023-жылдын 21-ноябрында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан С.А.Б. аттуу КР жараны кармалган. […]Читать далее

Коом

2023-жылы Кыргызстанда 900 миңге жакын жаранга электрондук кол тамга берилген

2023-жылы 900 миңге жакын жаранга булут электрондук кол тамгасы берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Министрдин айтымында, анын ичинен 300 миңи онлайн режиминде алышкан. Кутнаева мындай мүмкүнчүлүк ушул жылдын сентябрь айынан тартып мүмкүн болгонун кошумчалады.Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери “Түндүк” порталы аркылуу 8 млн жакын

“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 159 кызмат жеткиликтүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери портал жана мобилдик тиркеме аркылуу онлайн режиминде 8 миллионго жакын кызмат көрсөтүлдү. “Учурда “Түндүк” тиркемесин жүктөп алгандардын саны 1,2 млн адамды түзөт. Ал аркылуу жарандарга Кыргызстандын аймагында юридикалык […]Читать далее

Коом

Кыргызстан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн

Кыргызстанда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасына 2 миң уюм кошулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, аталган системаны колдонуучулардын саны 120 миңден ашкан. “2023-жылы системада 12 миңден ашык документ катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир жылда мамлекет 382 млн сом үнөмдөгөн”, – деди министр.Читать далее

Укук тартиби

УКМК эл аралык баңги каналына тиешеси бар чет элдик жарандарды

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу боюнча дагы бир каналга бөгөт коюлду. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат кылмыштуу тобунун мүчөлөрү С.А.Р. жана К.М.Б. кармалды. “Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылына жакын жерде, “Ак-Жол көзөмөлдөп-өткөрүү пунктту – Бишкек шаарынын унаа жолунда” 30 жаштагы С.А.Р. […]Читать далее

Укук тартиби

Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

2023-жылдын 17-декабрынан 18-декабрына карган түнү, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМКнын чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан КР УКМКнын чек ара кызматынын «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды. Кармалган чек арачылар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк […]Читать далее