Президент

Президент Садыр Жапаров Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. […]Читать далее

Коом

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү кароосуз калган скверди реконструкциялоо башталды

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан (Автобекеттин жаны) 8200 чарчы метрди түзгөн скверди реконструкциялоо иши башталды. Алдыда паркка таштаман төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар орнотулуп, оргума (фонтан) курулат. Мындан сырткары, декоративдик бак-дарактар отургузулуп, газон себилет. Сквердеги курулуштар октябрь айына бүткөрүлөт. Реконструкциялоо иши жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.Читать далее

Туризм

Измир менен Бодрум “Michelin guide” түрк картасына киргизилди

Измир менен Бодрум Гид Мишлендин кызматкерлери тарабынын дыкат текшерилип, эки жаңы түрк аймагы катары таанылып, гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкты. Муну менен Түркиянын туристтик жерлери дагы эки ири локацияга көбөйдү, байыды. 2023-жыл, 9-ноябрда Стамбулда өтө турган ири иш-чарада, Стамбул менен бирге Измир жана Бодрум үчүн ресторан тандоолору жарыяланат. Гид Мишлен Измир жана Бодрумду түрк […]Читать далее

Укук тартиби

Прокуратура бала бакчадагы баланы сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б.Г. аттуу жарандын №94 балдар бакчасынын тарбиячысы анын 3 жаштагы баланы сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь райондук ИИБнын кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты. Материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиялоочусу Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине эч […]Читать далее

Коом

Мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн тургузулушу токтотулду

Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде уруксаты жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып,  токтотулду. Шаардык прокуратуранын жана КРнын  Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук […]Читать далее

Коом

Бишкекте XVII Эл аралык “Оймо-2023” фестивалы башталды

27-июлда Бишкекте XVII Эл аралык “Оймо-2023” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды. Жыл сайын фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ жана Мексикадан чеберлер келишет. Жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл  тармактардын өкүлдөрү катышууда. Фестивалдын максаты – маданий мурастарды […]Читать далее

Коом

Бишкекте жер мунапысы боюнча комиссиялар ишин улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда. Эскерте кетсек, борбордо “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыздарды кабыл алуу улантылууда. Бүгүнкү күндө документтердин толук пакетин тапшырган Биринчи май жана Октябрь райондорунун тургундарынын […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарынын аялдамаларын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Дэн Сяопин проспектиси  менен  Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама комплексине асфальт төшөй баштады. Аткарылып жаткан иштер Ленин райондук администрациясынын протоколдук буйругунун негизинде ишкананын өндүрүш планына киргизилген.Белгилей кетсек, буга чейин аталган аялдама комплексинин аймагы начар абалда болгон. Ушундай эле иштер Октябрь районундагы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун түштүк тарабында жайгашкан аялдама комплексинин […]Читать далее

Медицина

Баткен шаарында санарип амбулатордук карта ишке кирди

Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев Баткен облусундагы аймактык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен Санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү. «Министрликтин жетекчилиги саламаттыкты сактоодо санариптик чечимдерди колдонууга артыкчылык берет. Министр коллегияда саламаттыкты сактоону санариптештирүү бирдиктүү санариптик схеманы түзүү менен бардык кызматтар аркылуу өткөнминистрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын билдирди. Ошондуктан, санариптик амбулатордук картаны колдонуу […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты.   Сот адилеттиги үйлөрү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бир имаратта ар кандай инстанциядагы соттор жайгашат. Бул үчүн республиканын […]Читать далее