2023-жылдын 31-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ 12 талапкерден арыз келип түшкѳн. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт. Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү КР […]Читать далее
20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат
Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген. Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын […]Читать далее
«Араб фондунан» үй алып беребиз»,- дешип элди алдаган топтон жабыркагандардын саны 74 адамга жетти. Бул тууралууу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Жабырлануучуларга келтирилген чыгым 75 миллион сомдон ашкан. Ал эми шектүүлөр уй камагына чыгышты. Бүгүнкү күндө карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жалпысынан 74 адамдан арыздар келип түшкөн. Дагы жабырлануучулар, арыз […]Читать далее
31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда “Жибек Жолу” бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана […]Читать далее
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1236 тирөөч (99%) орнотулду жана 265,78 чакырым […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын музей фонду көбөйүүдө. Жарым жыл ичинде ар кандай багыттагы 212 музей буюму менен толукталды. 2023- жылдын жарым жыл ичинде 48 музей буюму калыбына (реставрация) келтирилди. Жалпы музейлер тарабынан 373 998 жаран кабыл алынып, жалпы 223 көргөзмө уюштурулду. 212 ар кандай багыттагы жаңы музей буюму менен толукталып, заман талабына ылайык, 3 800 музей буюму […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясында синтетикалык баңгизаттарга жана дарыкана баңгилигин калк арасында жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү максатында жыйын өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Абдисамат Пусурманкулов, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилери, казыяттын өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында […]Читать далее
Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Эми жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат. 1-августа дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат. Ошондой эле, буга чейин тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу суроого жооп берди. — Азаттык медиасы «мамлекет электр энергиясы менен элди камсыздай албай жатып, кайдагы бир жеке майнинг фермаларга электр кубатын текейден арзан берип жатат» деп айтып чыкты. Мунун чын-бышыгын элге ачыктап берип койсоңуз? — Азаттык өлкө ичинен эч качан жакшылык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Стадион 1961-жылы курулуп, 62 жыл ичинде жарым-жартылай гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бир дагы жолу толук оңдолгон эмес. Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган. Президент […]Читать далее