Баткен шаарында санарип амбулатордук карта ишке кирди

 Баткен шаарында санарип амбулатордук карта ишке кирди

Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев Баткен облусундагы аймактык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен Санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.

«Министрликтин жетекчилиги саламаттыкты сактоодо санариптик чечимдерди колдонууга артыкчылык берет. Министр коллегияда саламаттыкты сактоону санариптештирүү бирдиктүү санариптик схеманы түзүү менен бардык кызматтар аркылуу өткөнминистрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын билдирди. Ошондуктан, санариптик амбулатордук картаны колдонуу бул иш-чараларды ишке ашыруудагы дагы бир кадам болуп саналат», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына саламаттыкты сактоонун учурдагы маалыматтык системалары көрсөтүлүп, Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбаев iLAB лабораториялык маалымат системасы иш жүзүндө толугу менен колдонулуп жатканын, бардык жыйынтыктар маалыматтык системанын жардамы менен чыгарылып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы №9 ҮМБга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерин окутуу башталды.

Связанный пост