Измир менен Бодрум “Michelin guide” түрк картасына киргизилди

  • Измир менен Бодрум Гид Мишлендин кызматкерлери тарабынын дыкат текшерилип, эки жаңы түрк аймагы катары таанылып, гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкты.
  • Муну менен Түркиянын туристтик жерлери дагы эки ири локацияга көбөйдү, байыды.
  • 2023-жыл, 9-ноябрда Стамбулда өтө турган ири иш-чарада, Стамбул менен бирге Измир жана Бодрум үчүн ресторан тандоолору жарыяланат.

Гид Мишлен Измир жана Бодрумду түрк картасына кошулганы, туристтик тармакта Түркиянын аянты дагы да кеңейгенин кубануу менен кабарлады. Ал эми Стамбул менен бирге Измир жана Бодрум үчүн ресторан тандоолору 2023-жыл, 9-ноябрда Стамбулда өтө турган ири иш-чарада өтө турган болду.

Түрк Эгей жана Жер Ортолук деңизинин кулинария маданияты жана жергиликтүү терруарлары сакталып калган Измир жана шарап жолунун жээгинде жайгашкан Урла району туристтерге тамак-аштын бир канча түрүн сунуштайт.

Тамак-аштын түрүн сунуштаган Измирде гастрономия жана модалуу ресторандардын талабына жооп берген, заманбап кофеканаларга, салттуу жана популярдуу тамактануучу жайларга чейин бар. Негизинен мындай ресторан, кафелерди байыркы ашкана маданиятын заманбап бир формада тартуулоого, таанытууга ашыккан, аракет кылган жаш ашпозчулар иштетет. Алар кардарларына көбүрөөк деңиз тамактарын жасап, жаңы кармалган балыкты кууруп, түрдүү салаттар менен конокторго беришет.

Мугла шаарында жайгашкан, түрк туризминин белгилүү дестинацияларынын бири болгон Бодрум да таза жана даамдуу деңиз даамдарын даңктаган түрк ресторандары бар.  Ошондой азия жана италиялык ресторандардын эң популярдуу тамактарын сунуштаган жерлер, өтө креативдүү иштеген  люкс курорттор туристтерге кызмат көрсөтүп келет.

Гид Мишлендин эл аралык директору Гвендал Поулленнек өткөн жылы Стамбулду кыдырып кеткенден кийин Измир менен Бодрумду өз карталарына кошконун билдирди.

“Биз Измир менен Бодрумдун картабызга кошулганынан кубанычтабыз. Чынында эле, бул эки жер эстен кеткис маданий жана туристтик тажрыйбалар үчүн гана эң сонун дестинация эмес, дагы да мүмкүнчүлүктөрү ачылатурган, кулинариялык маданиятты көрсөтө турган район экен. Измир көптөгөн жаш ашпозчулардын жогорку деңгээлдеги гастрономиялык таланттарын ачкан, көрсөтө алган кызыктуу ресторандарды сунуштаса, Бодрум өзүнүн тамактануу жайларынын көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Муну менен катар бул дестинацияда көптөгөн салттуу жана жеткиликтүү ресторандар, шаардын борборунда жайгашкан люкс курорттор да бар. Биз бул эки жаңы аймакты MICHELIN Guide үй-бүлөсүнө кошуу менен “Түркия – унутулгус гастрономиялык өлкө” деген кабарды дүйнөгө жайылткыбыз келди” – деди Гвендал Поулленнек.

Ал эми Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Измир менен Бодрум гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкканына сүйүнүп турганын билдирди.

“Измир менен Бодрум гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкканына кубанычтабыз.   Аймактын азыктарын чарбадан дасторконго чейин жеткирген, аралаштырган, эң квалификациялуу, таланттуу ашпозчуларыбыздын эмгеги менен бай кулинардык маданиятыбызды дүйнөгө таанытабыз. Бул даамдарды татып көрүү үчүн Измир менен Бодрумга келе турган зыяратчыларды Түркэгейдин бирюза суулары, терең тарыхый мурастары, объектилердин сапаты жана чексиз кооздугу таң калтырат.  Түрк ашканасынын күн потенциалын көрсөткөн бул эки шаардан биз сыймыктанып турабыз. Алдыбыздагы жылдарда дагы бир канча шаарларыбыз бул тизмеге кошулаарына ишенебиз” – Мехмет Нури Эрсой.

2022-жылы биринчи жолу чыгарылган MICHELIN Guide Стамбул, Түркиянын борбор шаарынын гастрономиялык потенциалын жана кулинардык ар түрдүүлүгүн көрсөтүп, МИШЕЛИН 5 жылдыздуу  отель, 1 MICHELIN Green Star, 10 Bib Gourmand жана 53 ресторанды сунуштаган. MICHELIN Guide Стамбул ар кандай сезондук жана өзгөчө тамактарды да баса белгилеп, гастрономиялык бистродон тартып, люкс, салтуу ресторандарга чейин жакшы иштөөгө мүмкүнчүлүк жаратып берди.

MICHELIN Guide Измир менен Бодрумдун кулинардык байлыгына өзгөчө маани берет. Аймактын тарыхый жана универсалдуу методологиясынын негизинде эң мыкты ресторандарды сунуштайт.

Michelin Group тамак-аштын сапатын төмөнкү 5 критерий менен баалайт:

– ингредиенттердин сапаты;

– тамак даярдоо техникасын өздөштүрүү;

– даамдардын гармониясы;

– ашпозчунун кулк-мүнөзү;

– Менюдагы ырааттуулук.

 

MICHELIN Guide Стамбул, “Измир, Бодрум – 2024 ресторанынын” толук тандоосу 2023-жылдын 9-ноябрында Стамбулдагы MICHELIN Guide аземинде өткөрүлөт. Тандоо MICHELIN Guide веб-сайтында, ошондой эле iOS жана Android үчүн акысыз мобилдик тиркемеде жеткиликтүү болот.

 

 

Связанный пост