Медицина

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулууда

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери баштады. Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда. Бул аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара […]Читать далее

Коом

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр мөөнөтүнөн мурда алынып, жол ачылды

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилип, дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басуу жумуштары аяктады. Пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда бүтүп, буга чейин киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынды. Бардык унаалар 2-август, саат 16:00дон тарта тоннель аркылуу тоскоолдуксуз өтө баштады. Жакынкы күндөрү тоннелдин кирип-чыгыш жерлерин көрктөндүрүү иштери жүрөт. […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады

Кыргыз Республикасынын УКМК органдары тарабынан этностор аралык негиздеги чыр-чатактардын чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо, улуттар аралык негиздеги мыйзамсыз аракеттерге жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. […]Читать далее

Коом

Чуңкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST-2023” этнофестивалы өтөт

2023-жылдын 5-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде “Kымыз-FEST-2023” этнофестивалы өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат. Кароо- сынактын жыйынтыгы менен […]Читать далее

Коом

Ош шаарында Ак-Буура дарысынын жанында мыйзамсыз курулуш аныкталып, токтотулду

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Тактоо учурунда, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты. Мындан улам, курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп […]Читать далее

Коом

Бишкекте 1400 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду

Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды. Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» МИ кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Алсак, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1400 чарчы метрди […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Ат-Башы району менен Чжунмоу уездинин ортосунда боордоштук байланыш түзүү ниети

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Хэнань провинциясынын Чжунмоу уездинин жана Чжэнчжоу шаарынын (КЭР) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле, өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Чжэнчжоу шаарынын вице-мэри […]Читать далее

Коом

Бишкек электр тармактар ишканасы 220/110/10 кВ “Главная” көмөкчордонунун кубаттуулугун жогорулатууда

Керектөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн өсүшү да байкалууда, бул электр жабдууларынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизет. 2023-жылы январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам быйыл, пландалган рекоснтрукциялоо иштердин негизинде көмөкчордондун кубаттуулугун көтөрүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Электр тармагына кубаттуулукту көбөйтүү жана жүктү азайтуу максатында Бишкек электр […]Читать далее

Коом

Нарын облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Коом

“Балыкчы – Бишкек” темир жол каттамындагы поезддин терезелерин белгисиз адамдар

Кечээ, 2023 – жылдын 1-августунда саат 21:18де “Балыкчы-Бишкек” каттамында Дмитриевка – Кант станциясынын участогунда №609-поездде окуя болгон. Окуяга себепкер болушкан белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерин сындырышкан. “ВИП”, “Люкс” вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. “Кыргыз […]Читать далее