БШКга Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат болууну каалаган 12 талапкерден арыз түштү

 БШКга Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат болууну каалаган 12 талапкерден арыз түштү

2023-жылдын 31-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ 12 талапкерден арыз келип түшкѳн. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.

Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү КР БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳтурган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.

КР БШКнын 2023-жылдын 12-июлундагы № 64 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.

1 Искаков Эртай Дуйшобекович 22.02.1990 «За Япошки» КБ төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 13.07.2023 14:00
2 Алмаз уулу Аскар 07.11.1993 «Эл Умуту» СП төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 13.07.2023 15:53
3 Булекбаев Эркин Касымович 13.03.1961 “Партия Зеленых Кыргызстана” СП төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 14.07.2023
4 Ремнев Роман Павлович 04.05.1983 Коомдук жана саясий ишмер Өзүн-өзү көрсөтүү 14.07.2023 11:42
5 Бакир уулу Турсунбай 17.03.1958 И.Арабаев а. КМУ Өзүн-өзү көрсөтүү 14.07.2023 17:45
6 Асылбеков Куттубек Бообекович 02.02.1957 Пенсионер Өзүн-өзү көрсөтүү 18.07.2023 11:21
7 Нышанов Назарбек  Айтбекович 20.03.1961 Врач, хирург-онколог Өзүн-өзү көрсөтүү 18.07.2023 16:20
8 Мамаев Сулайман Шамшиевич 16.05.1954 КР АЧМ караштуу М жана ЖИИИ жетекчи илимий кызматкер

 

Өзүн-өзү көрсөтүү 20.07.2023

14:00

9 Какчекеев Токтогул 19.01.1947 Аскер ардагери Өзүн-өзү көрсөтүү 26.07.2023
10 Абиров Жаныбек Болотбекович 22.12.1988 ЖЧК “ Строй Ленд” директор Өзүн-өзү көрсөтүү 28.07.2023 14:45
11 Тагаев Русланбек Таштанбекович 02.05.1977 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 31.07.2023 15:15
12 Шаршембиев Бакыт  Нурджанович 22.08.1976 ЖЧК “Медутиль”

Башкы директор

Өзүн-өзү көрсөтүү 31.07.2023 16:00

Связанный пост